Коом
Мектепке 1-класска электрондук каттоо 10-апрелде башталат
Элита плюс
Апрель 03, 2023 г.
Мектепке 1-класска электрондук каттоо 10-апрелде башталат
© Элита плюс
Мектепке 1-класска электрондук каттоо 10-апрелде башталат
© Элита плюс

Биринчи класска мектепке электрондук каттоо ушул жылдын 10-апрелинде эрте менен саат 09:00дө башталат.

Билим берүү жана илим министрлиги билдиргендей, электрондук каттоо эки этапта жүргүзүлөт. Биринчи этап – юридикалык жашаган жери боюнча (10-апрелден 25-июнга чейин), экинчи этап – жашаган жерине карабастан (26-июндан 31-августка чейин).

Электрондук каттоо боюнча биринчи класска өтүнмө берүү үчүн, уюлдук телефон же компьютер аркылуу интернетке кирүү керек.mektep.edu.gov.kg порталын ачып, башкы беттеги көрсөтмөлөрдү аткаруу зарыл.

Ата-энелерди кызыктарган суроолорго жооптор жана нускамалар порталдын башкы бетинде бар.

10-апрелден тарта дүйшөмбүдөн жумага чейин саат 09:00дөн 18:00гө чейин жарандарга кеңеш берүү үчүн чалуу борбору иштей баштайт.