Дүйнөдө
Мексика Эгемендүүлүк күнүн белгиледи
Элита плюс
Сентябрь 17, 2020 г.
Мексика Эгемендүүлүк күнүн белгиледи
© Элита плюс

Мексика күн мурда Эгемендүүлүк күнүн белгиледи. Бир жарым кылымдан бери алгачкы жолу Мексикада бул майрамга арналган массалык иш-чаралар жокко чыгарылды. Мехиконун борбордук аянты бош бойдон калып, иш-чарага пандемия учурунда үзүрлүү эмгектенгендер гана катышты. Шаршемби күнү Мексиканын Эгемендүүлүк күнү белгиленди. Дүйнөнү дүрбөлөңгө салган коронавирус пандемиясына байланыштуу бул жылы адаттагыдай массалык иш-чара өткөн жок. Салтанатта коронавируска чалдыккан бейтаптарды дарылаган дарыгерге, медайымдарга жана саламаттыкты сактоо кызматкерлерине өлкөдөгү жогорку сыйлыктардын бири "Мигель Идальго" медалдары тапшырылды. Борбордук аянттагы чакан аскердик парад учурунда коронавирустун жайылышына жол бербөө үчүн көрүүчүлөр аз болду. Салтанат мезгилинде аралыкты сактоо сыяктуу эпидемиологиялык эрежелердин аткарылгандыгын байкоого болот. Жыл сайын Эгемендүүлүк күнүндө президент коңгуроо кагып, "Вива Мексика!" "Жашасын Мексика!" жана "Жашасын эгемендүүлүктүн баатырлары!" деген ураан менен калк алдына чыгат. Белгилей кетсек, Эгемендүүлүк күнүнө карата иш-чара акыркы жолу 1847-жылы, Мексика-Америка согушунда, өлкөнүн борборун АКШ аскерлери басып алганда жокко чыгарылган. Мексика аймагында, расмий маалыматтарга ылайык акыркы күн ичинде коронавирус илдети дагы 4миң 444 адамдан аныкталып, 300 бейтап оордан улам көз жумду. Пандемия башталгандан бери өлкөдө 676миң адам вирус жуктурган. Дээрлик 72миң учур өлүм менен аяктады. Айта кетсек, Мексика вирус жуктургандардын саны боюнча дүйнөдө бешинчи орунда турат.