Коом
Мекендештер келди
Элита плюс
Июль 17, 2020 г.
Мекендештер келди
© Элита плюс

Кыргызстанга бүгүн “Новосибирск–Бишкек” каттамы боюнча 183 жаран келди. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлигинин маалымат кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, кайтарылган жарандардын ичинде жаш балдар дагы бар, алар “Авиатраффик” авиакомпаниясынын чартердик катта аркылуу келген. Аталган каттам менен жалпы суммасы 185 миң рублди түзгөн гуманитардык жардам дагы түштү. Аны Россиядагы мекендештер жөнөтүшкөн. Министрлик билдиргендей, чет мамлекеттерде жашап жаткан жарандарды алып келүү иштери улантылат.