Аймактар
Мекенчил эл уулу Акылбек Түмөнбаев Түп районуна кол сунду
Элита плюс
Апрель 02, 2020 г.
Мекенчил эл уулу Акылбек Түмөнбаев Түп районуна кол сунду
© Элита плюс

“Адам-адам үчүн табылгыс дары” демекчи, учурда өлкөдөгү кырдаалга жараша кыргыздын айрым патриот уулдары колунан келген жардамын элинен аябай кол сунуп жатышат. Алардын катарында Кыргыз эл жазуучусу, КРнын Баатыры Түгөлбай Сыдыкбеков атабыздын небереси, Түп районунун ардактуу атуулу Акылбек Түмөнбаев да болуп, ал туулуп өскөн жерине өз каражатынан короновирус илдетине каршы күрөшүүчү каражаттарды райондун штабына барып тапшырды.

Бул кайрымдуулук ишке Түп районунун администрация башчысы Элчибек Жантаев, администрациянын алдында түзүлгөн комиссиянын төрайымы Тамара Оторбаева, Санитардык-эпидемиологиялык станциянын башчысы Бекболот Давлетбаев жана Санташ айыл өкмөтүнүн башчысы Орозобек Жапаров катышты. Түмөнбаев Акылбек Тогузбаевич штабга 55 литр антисептик каражат, 40 даана медициналык атайы костюмдар (комплект), 200 даана медициналык кол кап жана 500 даана медициналык беткап тапшырды.

Андан сырткары буга чейин Акылбек Түмөнбаев өз каражатынан короновируска каршы күрөшүүгө Түп райондук ооруканасына 50 000 сом өлчөмүндө акчалай жардам көрсөткөн.

“Жакшы эли менен” деген сыңары мындай учурда элине жардамга келген Акылбек Түмөнбаевге окшогон мекенчил уулдар арбын болсо деген тилектебиз.