"Digital Queen" разработка и продвижение веб-сайтов, контактные телефоны: +996 555 833 339: +996 772 333 327. “Элита plus” журналы, elitaplus.kg сайты менен кызматташуу үчүн байланыш телефондор: 0703 87-40-15; 0557 51 70 80.
Спорт
Мээрим Жуманазарова жарым финалга чыкты
Элита плюс
Декабрь 15, 2020 г.
Мээрим Жуманазарова жарым финалга чыкты
© Элита плюс

Бүгүн, 15-декабрда Сербиянын борбору Белград шаарында күрөш боюнча Дүйнө Кубогунун төртүнчү күндүк беттештери Бишкек убактысы боюнча саат 16:00дө старт алды.

Мелдешке 68 килограмм салмак ченинде катышкан кыргыз балбан кызы алгачкы эле жүрүшүн чейрек финалдан баштап, беларуссиялык Анна Садчанка аттуу балбан кыздын далысын жерге таза басып, жарым финалга жолдомо алды.

Жарым финалдык беттеште Мээрим Жуманазарова 2019-жылы Бухарест шаарында өткөн Европа чемпиондугунда алтын медалга ээ болгон украиналык Алина Стадник менен кез келет.

Жарым финалдык беттештер Бишкек убактысы боюнча саат 21:45те башталат.