Коом
Медина шаарынан 34 миң даана Куран китеп келди
Элита плюс
Сентябрь 14, 2020 г.
Медина шаарынан 34 миң даана Куран китеп келди
© Элита плюс

Бүгүн, 14- сентябрь күнү Медина шаарынан Кыргызстан мусулмандарынын дин башкармалыгына келген Ыйык Куран китебинин 664 даанасы Бишкек шаардык мусулмандар казыятына жеткирилди.

Бишкек шаарынын казысы Замир кары Ракиев бул китептер ордо калаадагы ар бир мечитке, медреселерге акысыз таратыларын  билдирди.

11-сентябрда Сауд Арабиянын Медина шаарынан кайрымдуу инсандардын атынан Кыргызстан мусулмандарынын дин башкармалыгына 16 тонна Куран китеби келген.  Жалпы 34 миң даана Куран китеби келген.