Коом
Медицина кызматкерлерине дагы каражат бөлүндү
Элита плюс
Сентябрь 09, 2020 г.
Медицина кызматкерлерине дагы каражат бөлүндү
© Элита плюс

Өкмөт коронавирустун очогунда иштеген медицина кызматкерлеринин айлыгына жылдын аягына чейин кошумча төлөм үчүн дагы 640 миллион сом бөлдү. Бул тууралуу премьер-министр Кубатбек Боронов билдирди.

«Канчасы үстөк пулга берилери табелдин негизинде эсептелип чыгат. Ай сайын буйрук чыгарып отурбастан жылдын аягына чейин деп болжолдуу сумма катары 640 миллион сомго токтом чыгардык. Ошону ай сайын канча керек болсо алып турушат, эгер жетпесе кошуп беребиз, ашып калса кайра бюджетке кайтарабыз».

Өкмөт башчынын айтымында, марттан июлга чейин 785 миллион сом төлөнүп берилди. Анын ичинде, акыркы жолу июль айында 41 649 медицина кызматкерине 444 миллион сом бөлүнгөн.