Коом
Медицина кызматкерлерине 400 млн сом төлөндү
Элита плюс
Июль 30, 2020 г.
Медицина кызматкерлерине 400 млн сом төлөндү
© Элита плюс

Курман Айт майрамынын алдында өлкө аймактарында коронавирус инфекциясына каршы күрөшүү жана анын кесепеттерин жок кылуу боюнча Оперативдик штабдын чечими менен, медицина кызматкерлерине июль айына компенсациялык төлөмдөрүн ишке ашыруу үчүн республикалык бюджеттен Саламаттык сактоо министрлигине 30 млн сом жана Милдеттүү медициналык фондуна 400,0 млн сом бөлүндү.

Бул каражаттын ичинен 29-июль күнү саламаттык сактоо уюмдарына 225 млн сом төлөнүп берилди, анын ичинде:

— Бишкек ш.— 58733,8 миң сом;
— Чүй облусу — 37278,7 миң сом;
— Ош облусу жана Ош ш.— 34110,8 миң сом;
— Баткен облусу — 13054,9 миң сом;
— Жалал-Абад облусу – 28871,0 миң сом;
— Нарын облусу — 14904,8 миң сом;
— Ысык-Көл облусу — 24879,2 миң сом;
— Талас облусу — 13165,9 миң сом.

Өкмөттүн маалыматына караганда, акча саламаттык сактоо уюмдарынын болжолдуу эсептөөлөрүнө жараша төлөнүп берилди, компенсациялык төлөөлөрдү жүргүзүү үчүн бардык табелдер жана саламаттык сактоо уюмдарынын эсептешүү ведомосттору даярдалган эмес. Алдын ала эсептөөлөр боюнча, бул зарыл болгон сумманын 55-60% түзөт.

30-июлда саламаттык сактоо уюмдарына инфекциянын очокторунда иштеген медицина кызматкерлерине дагы 171, 6 млн сом төлөп берүү пландалууда. Кошумча төлөмдөрдү өлкө боюнча 14 миңге жакын медициналык кызматкер алат.

Бирдиктүү төлөөчү тутумунда иштеген 230 саламаттык сактоо уюмдарынын медициналык кызматкерлерине июль айында Социалдык фондго кепилденген айлык маянадан жана чегерүүлөрдөн 851,7 млн сом өлчөмүндө каражат төлөндү.