"Digital Queen" разработка и продвижение веб-сайтов, контактные телефоны: +996 555 833 339: +996 772 333 327. “Элита plus” журналы, elitaplus.kg сайты менен кызматташуу үчүн байланыш телефондор: 0703 87-40-15; 0557 51 70 80.
Залкарлар
Меңди МАМАЗАИРОВА, КРнын маданиятына эмгек сиңирген ишмер: “Калемгер коомдун көкүрөгүн агартып, дем берип, багытын түздөп турат”
Элита плюс
Октябрь 02, 2020 г.
Меңди МАМАЗАИРОВА,  КРнын маданиятына эмгек сиңирген ишмер: “Калемгер коомдун көкүрөгүн агартып, дем берип, багытын түздөп турат”
© Жазгүл ЖОЛДОШБЕКОВА
Меңди МАМАЗАИРОВА,  КРнын маданиятына эмгек сиңирген ишмер: “Калемгер коомдун көкүрөгүн агартып, дем берип, багытын түздөп турат”
© Жазгүл ЖОЛДОШБЕКОВА
Меңди МАМАЗАИРОВА,  КРнын маданиятына эмгек сиңирген ишмер: “Калемгер коомдун көкүрөгүн агартып, дем берип, багытын түздөп турат”
© Жазгүл ЖОЛДОШБЕКОВА
Меңди МАМАЗАИРОВА,  КРнын маданиятына эмгек сиңирген ишмер: “Калемгер коомдун көкүрөгүн агартып, дем берип, багытын түздөп турат”
© Жазгүл ЖОЛДОШБЕКОВА
Меңди МАМАЗАИРОВА,  КРнын маданиятына эмгек сиңирген ишмер: “Калемгер коомдун көкүрөгүн агартып, дем берип, багытын түздөп турат”
© Жазгүл ЖОЛДОШБЕКОВА
Меңди МАМАЗАИРОВА,  КРнын маданиятына эмгек сиңирген ишмер: “Калемгер коомдун көкүрөгүн агартып, дем берип, багытын түздөп турат”
© Жазгүл ЖОЛДОШБЕКОВА
Меңди МАМАЗАИРОВА,  КРнын маданиятына эмгек сиңирген ишмер: “Калемгер коомдун көкүрөгүн агартып, дем берип, багытын түздөп турат”
© Жазгүл ЖОЛДОШБЕКОВА

Акыл-көрөңгө, интеллект, адамдык бийик ой-туюм. Нарк-нусканы сактай билген сыпайыгерчилик, салабаттуулук. Эң башкысы чыгармачылыкта накта, чыныгы жаратмандык менен издене калем кармап жүргөн асыл касиет... Бул биздин аңгемелешибизге төп келген мүнөздөмө.

Чыгармачылык, достук, саткынчылык, ишеним, коом, улуттук рух ж.б. бир катар суроолорго жооп алууга аракет жасап көрдүк.

70 жаштын ашуусун ашкан, чыгармачылык потенциалы улам бир тереңдөөнүн этабын улаган калемгердин бийик жайдагы өмүрүнүн миң кырынын урунттуу эпизоддорун уктук.

- Окурмандарыбыз үчүн сыр катпаган мазмундуу бир маектешмей болгонубузду чечип алдык. Алгач айтсаңыз, кийинки жазылган “Тур, улуу журт!”, “Элим, ай!” аттуу поэтикалык жыйнактарыңызда атуулдук парз, мекенчилдик сезимге жык ырларыңыз жана поэмаларыңыз бар. Калемгер кайсы убакта жана кандай куракта ушундай деңгээлге өсүп жетет?

- Жазуучу изденет. Өзүнүн чындыгын окурманга жеткириш үчүн ар кандай мазмунду жана форманы издейт. Акын... Деги эле калемгер - улуттун эн белгилеринин бири. Элдин тилегин, мүдөөсүн, жыргалы менен шорун ырдабаса, анын эмнеси акын? Мекенсиз... Керт баштын кайгысы менен шаңы бир тыйынга турабы? Мекенчилдиктин курагы жок. Ал ошондой туулат.

Ырас, жаш кезде лирикалык ырлар басымдуулук кылчу. А бирок мекени жок улут кор. Ата журттун, ыйык мекендин баасын, кадырын, ар бир жанга керектигин улам жаңырган жаш муундардын жүрөгүнө кан менен кошо куюп туруу – акындык милдетибиз.

- “Дос деген - Кудайдын бир аты” деген улуу сөздү жазып жүрөсүздөр. Жолон агай кайтыш болгондон кийин жолдошторунун мамилелери өзгөрдүбү?

- Адам эң алды менен көр пендебиз да. Кечээ эле моюндашып жүргөн досторунун кээ бирлери экинчи басып да келген жок.

- Жазуучу катары себебин талдап көрдүңүзбү?

- Төрт бала, жарыбаган маяна менен калган жесир аял ашка жүк, башка жүк да. Кээ бири “Жолон жок, пайда жок” дешсе керек. Антсе да беш кол тең эмес. Жолондун бала-бакырасынан кол үзбөй кабар алып турган достору да бар. Аларга Кудай өмүр берсин.

- Кыйын күндөрдө башты ийип, алсыз болгон учуруңуз болдубу?

- Эч качан! Антпегеним үчүн да мени жек көрүштү. Ыйлап, шөлбүрөп, арызданып, алдыларына барганымды күтүштү. Көпкө... Бара-бара ал күтүү жек көрүүгө айланып, мен тууралуу жомок, легендаларды (албетте, мактабайт) ойлоп, чыгарып жатышты.

- Мунун өзү саткынчылык да. Аны кантип көтөрдүңүз?

- Бардык сырымды ырыма, чыгармачылыгыма айтып камчылана бердим.

- Сиздин “Аппак аял, Айдай кыз” (“Бахустун ай көйнөгү”) трагедияңызда мас болгон көпчүлүк шарап Кудайы Бахусту: “Оттуу сууну аз алып келдиң!” деп тытмалап, өлтүргөн эпизоду эсте калган. Ошондо миф каарманы кыздын мындай монологу бар: “Бахус, сен эмне келдиң экен бул калыссыз адамдарга? Жакшылык кылам деп жамандык көрдүң. Булар барбы?.. Тээ көктөгү чоң Кудай да сенчилеп көздөрүнө көрүнүп койсунчу. Кудайга да күнөө коюп, өлтүрүп салышмак, бул ичи тар, калыссыз адамдар!”

Тике айта албаган ички кайрыктарды пьесаларыңыздагы каармандар аркылуу айткан экенсиз да?

- Жазуучунун артыкчылыгы да ошондо. Апасын коргогонго балдарым жаш болсо. Серт көрүнүштөр менен жалгыз күрөштүм. Бул аралыкта эч ким, эч качан аябастыгын, боору оорубастыгын дагы бир жолу терең аңдадым. Чыгармачылык гана сактарын билдим. Жолондон соң коомдогу ордумду аныктап алышым керек болду.

- Телевидениеде иштеген жылдарда сиз таанымалдыкты сездиңизби же катуу түйшүктүн аралында жүрдүңүзбү?

- Анысы да, мунусу да бар. Теле экранга жарабайм го деп радиого дап койгом. Мени жакын жолотушпады.

- Александр Сергеевич Грибоедовдун “Горе от ума” чыгармасындагы камтылган ойлор өкүм сүрсө керек. Акылдууларга азап жол...

- Дал ошондой. Сурооңо так жооп болсун. Жолон каза болгондо биринчи жолу көзүмдөгү парда сыйрылып, кимдин ким экенин тааный баштагам. Телевидениеге келгенде чоң мектептен өттүм. Көзүңө бирди айтып, коридордон бурулары менен артыңа суу куйган куйту, сандаган жүзү бар, шумдуктай интриганын ана башчылары ушул жерде экен. Ошол эле маалда өз ишин так билген, адамгерчиликтүү, коом, улуттун руху үчүн күйгөн чыныгы адамдарды да кезиктирип, алар менен тилектеш, насиптеш болдум. Көзүм ачылды. Ак менен караны жакындан тааныдым. Жазуучулук куржунума жык толо материал топтодум. Буюрса, жазылат анын баары.

- Кайсы жанрда кыйналбай иштейсиз?

- Ар биринин өзүнчө кыйынчылыгы менен жыргалы бар. Бир убак келет, көптөн бери ойлоп жүргөн идеяга таап алган материалың бышып жетилгенде, (кандай жанр болбосун) кагазга төгүлүп-төгүлүп кетет. Алсак, “Кеч күздө” аттуу повестим (биринчи повесть болгондуктан) узак жазылды.

Тажрыйба топтолуп, улам калемиң төшөлгөн сайын тезирээк жаза баштайт окшобойсуңбу. Иш столуңда каның коюлуп, салкын кандуулук менен отурасың. Ал эми көбүнчө катуу сүйүнүп же көзүмдөн от чагыла кайгырып, ызага кабылганда ырлар жаралат.

- Бардык жанрдан жетишкендиктерди багынткан айым катары коомдогу өзүңүздү алып жүрүү этикасы көп ойлондурабы?

- Эл кылган ишиңдин жыйынтыгын көчөдө жүргөнүңдө гана көрөт. Сени сүйөт, кадырлайт. Кийген кийимиңден өйдө карап, сөз кылып, аздектейт. Эл – алтын кенч. Эл – күзгү. Эл – таяныч. Калк менен жаратман инсандын ортосунда көзгө көрүнбөгөн контакт түзүлүп турат. Эл алдына чыкканда өзүмдү өтө ыңгайлуу сезем.

Адамдардын бири-бирине болгон мамилелери аркылуу коом түзүлөт. Коомдун көкүрөгүн агартып, дем берип, багытын түздөп турганга калемгерлер да дарамети чоң, көркөмдүк деңгээли бийик, жүрөккө жете турган чыгармаларды жазуусу керек экендигин дагы терең сезүүгө жардам берет.

- Ар бир күн, саат сизге кымбатпы?

- Өтө кымбат. Ой жүгүртө алган, жарыкчылык менен караңгы дүйнөнүн ортосундагы органикалык байланышты сезе билген, беш күндүк өмүрдү тумандатпай, кирдетпей, жарык өмүр сүрүүгө акыл-чабыты жеткендерге тирүүлүк сонун да, ажайып да.

- Жаштык жылдарыңызда Жек Лондондун айтылуу “Мартин Иден” романын көз ирмебей окуп чыккан экенсиз. Таасири күчтүүлүк кылган го?

- Ананчы. Сен деле чыгарманын кульминациялык чегин демиңди ичиңе ала карап чыксаң керек?

- Аныңыз туура. Ач көздүккө, адилетсиздикке, эң башкысы жашоонун маска кийген жасалма көрүнүштөрүнө каршы турган улуулук жатпайбы романда.

Чыгармаларыңыздын сапатын, көлөмүн карап отуруп суроо пайда болду. Мунун баарына кантип үлгүрөсүз?

- Ошончолук энергия, шык-дарамет, туюм-сезим берген улуу табигатка ыраазымын. Негизги сөзүмдү дагы да жаза элекмин. Өмүр болсо айтып калууга аракет кылам...

Калыс САДЫКОВА