Коом
МЕЧИТТЕРДЕ ЖУМА НАМАЗЫН ОКУУ ТОКТОТУЛДУ
Элита плюс
Июль 10, 2020 г.
МЕЧИТТЕРДЕ ЖУМА НАМАЗЫН ОКУУ ТОКТОТУЛДУ
© Элита плюс

Кыргызстанда эпидемиологиялык кырдаал турукташканга чейин жума намазы убактылуу токтотулуп, анын ордуна бешим намазы өз алдынча окула турган болду. Мындай билдирүүнү Кыргызстан мусулмандар дин башкармалыгы Аалымдар кеңешинин чечиминин негизинде таратты. Муфтияттын маалыматына караганда, коронавирустун жайылышы кооптуу болуп жатканына байланыштуу беш убак намаз мечиттерде санитардык талаптарды жана аралыкты сактоо менен окула берет. Жаназа намаздарын маркумдун жакын туугандарынын жана аз кишинин катышуусунда үйдө окуу сунушталды. Муфтият жарандарды өкмөт кабыл алган сактануу чараларын аткарууга чакырды. Буга чейин марттын этегинен баштап эки ай карантин учурунда жума намазга убактылуу тыюу салынган. Майдын аягында карантин эрежелери жумшаргандан кийин жума намазга уруксат берилген болчу.