Коом
Мечиттен телефон, унаанын ачкычын уурдап кеткен шектүү кармалды
Элита плюс
Март 29, 2023 г.
Мечиттен телефон, унаанын ачкычын уурдап кеткен шектүү кармалды
© Элита плюс

2022-жылдын декабрь айында Бишкек шаарындагы конуштарынын биринде жайгашкан мечитке белгисиз жаран келип уурулук кылган. Ууру мечитке намаз окуу үчүн эмес, ал жактагы буюм-мүлктөрүн жашыруун алып, жеңил пайда көрүү максатын көздөп барган.
Тактап айтканда, Бишкек шаарынын тургуну уюлдук телефонун, унаасынын ачкычын жана башка буюмдарын белгисиз адамдар уурдап кетишкендиги тууралуу намазын окуп бүткөндөн кийин билген.
Бул факты Кылмыштардын бирдиктүү реестрине катталып, Кыргыз Республикасынын КЖКнын 205-беренесинин 2-бөлүмү (уурдоо) менен кылмыш иши козголгон.
Аталган кылмыш иштин алкагында ыкчам-издөө иш-чаралары ИИМдин Кылмыш иликтөө башкы башкармалыгынын кызматкерлери тарабынан жүргүзүлгөн. Алар мечиттин видеобайкоочу камераларын карап көрүү учурунда, белгисиз адамдын мыйзамсыз жасаган аракеттери видеобайкоочу камерага түшүп калган. Видеодо мечитке келген башка адамдар менен бирге белгисиз адамдын жүргөнүн көрүүгө болот. Ал, эл намаз окуй баштаганда кийимдер илинип турган жерге барып, бирөөнүн кийимин алып, бат эле сыртка чыгып кеткен.
ИИМдин КИББнын ыкчам кызматкерлери аталган кылмыш ишин жасаган адамдын өздүгүн аныктоодо, шектүү жаран Алай районунун тургуну 1992-жылы туулган М.У. экени такталган. Ошондой эле, ал мурда соттолгону маалым болгон. Аны кармашып, тергөөгө өткөрүп беришкен. Учурда ал камакта. Тергөө иштери жүрүп жатат.