Коом
Массалык башаламандыкты уюштуруу фактысы боюнча Фарид Ниязов кармалды
Элита плюс
Октябрь 10, 2020 г.
Массалык башаламандыкты уюштуруу фактысы боюнча Фарид Ниязов кармалды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттен (УКМК) билдиришти.
УКМК Ички иштер министрлиги менен биргеликте жүргүзүлгөн ыкчам-издөө иштеринин натыйжасында 10-октябрда массалык башаламандыкты уюштуруу фактысы боюнча Алмазбек Атамбаев, Канат Сагымбаев жана Дамир Мусакеев да кармалган.
Учурда ведомстволор аралык тергөө-ыкчам тобу аталган ишке тиешеси бар адамдарды аныктоого жана камакка алууга багытталган иш-чараларды улантууда.