Медицина
Марлен КЫЛЫЧБЕКОВ, уролог-андролог: “Ар бирибиз дени сак жашоонун камын көрүүгө милдеттүүбүз”
Элита плюс
Март 23, 2020 г.
Марлен КЫЛЫЧБЕКОВ, уролог-андролог: “Ар бирибиз дени сак жашоонун камын көрүүгө милдеттүүбүз”
© Элита плюс
Марлен КЫЛЫЧБЕКОВ, уролог-андролог: “Ар бирибиз дени сак жашоонун камын көрүүгө милдеттүүбүз”
© Элита плюс

Урология жана андрологияда ийгилик жаратып, бир топ бейтаптын сакайышына салым кошуп келген Марлен Бекташович биздин төрдө...

-Марлен Бекташович, балалыктын издери калган таттуу күндөрүңүз тууралуу айтып берсеңиз?

-1968-жылы Фрунзе шаарында төрөлгөм. Балдай балалыгым, окуучулук күндөрүм борборубузда өттү. 1985-жылы КММИнин дарылоо факультетине тапшырып, 1992-жылы ийгиликтүү аяктадым. Жүрөгүм каалаганы бөйрөк оорулары менен күрөшүү болгондуктан урологияга келгем. Анткени бул жакта оперативдик жана консервативдик терапиясы бар ооруларды дарылоо кыялыма дал келди. Андан соң интернатураны аяктадым. Эмгек жолум №1 шаардык оорукананын урология бөлүмүнөн башталган. Ошол жерде кандидаттык ишимди да жактоого жетишкем. 2003-жылы улуттук госпиталдын базасында Урология борбору ачылып, бардык урология бөлүмдөрү профессор Усупбаев Акылбек Чолпонкуловичтин демилгеси менен бир борбордо иштеп баштаган. Ошол күндөн тарта Акылбек агай менен иштешип келебиз.

-Медицина кызматкери болуу балалык кыялыңыз беле?

-Бул татаал тармакка бет алуума апам Нусупова Майрам себепкер болгон. 50 жылдан бери №6 поликлиникада эмгектенип келет, КРнын Эмгек сиңирген дарыгери. Учурда 75 жашта. Бала кезимде апамдын кесиби абдан жакчу. 7-8-класстан баштап бөйрөк дарыгери болууну чечип койгонум менен нефролог же уролог болуу тууралуу көпкө ойлонгом. Анткени нефрологиянын терапиясы башкача, аны бир гана консервативдик дарылоо менен айыктырат. Ал эми урологияда консервативдик да, оперативдик да жол менен дарылоого болот.

-Алгач жасаган операцияңыз эсиңиздеби?

-Албетте, №1 шаардык ооруканадан майда операцияларды жасоо менен хирургияга жол ачылган. Биздин тармакта операциялардын түрү көп, бөйрөктөн баштап, пиелонефрит, таштар, аденомалар, гидроцеле, варикацеле ж.б. Кудайга шүгүр, “бардык нерсе майда иштен башталат” дегендей, ар түрдүү операцияларды жасоо менен жетиштүү тажрыйба топтоп, учурда узакка созулган ири операцияларды жасап жатабыз. Заманбап технологияны колдонуп, ар кандай операцияларды жеңип келебиз.

-“Хирургдардын колу ийкемдүү болуу керек” дегенге кошуласызбы?

-Колдон, билимден көп нерсе көз каранды болсо да, хирургияда бейтаптын организми чоң мааниге ээ. Эгер иммунитет алсыз болсо, оору организмге агрессия болуп калат. Жасалган операциянын жыйынтыгы хирургдун билим деңгээлине, тажрыйбасына, албетте колунун ийкемдүүлүгүнө түздөн-түз көз каранды болот.

  • Учурда урологияга кайрылгандардын көпчүлүгү кайсы оору менен жабыр тарткандар?

-2015-жылдан бери андрологияда бөлүм башчы болуп иштеп келем. Бизге кайрылгандардын көпчүлүгү аденома, простата рагы жана тукумсуздук менен жабыркагандар. Учурда профессор Акылбек Чолпонкуловичтин демилгеси менен жаңы ыкмадагы операцияларды колдонуп жатабыз.

-Дени сак болуу үчүн эркектердин рациону кандай болуусу керек?

-Спорт менен машыгуу да чоң мааниге ээ. Биринчи кезекте курамында белок көп болгон азыктарды колдонуу кажет. Диетологдордун статистикасына таянсак, Орто Азия жарандары жер-жемиштерди азыраак колдонот экен. Бирок буга карабай жер-жемишти көбүрөөк пайдаланууну үйрөнүшүбүз керек.

-Убагында урологго кайрылууга мырзалар кадам таштабайт, көчүлүгү оору өөрчүп кеткенде гана барышат. Мындай психологияны кантип өзгөртүүгө болот?

-Ооба, мисалы аденома менен жабыр тарткандар уялып отуруп өөрчүгөн илдет менен кайрылышат. Мындай катачылык болбоосу үчүн жаш жигиттерибиз үйлөнөөрдөн мурун бир ирет дарыгердин көзөмөлүнөн өткөнү туура. Корко турган нерсе жок, тескерисинче ден-соолук үчүн коркунучту жоюп, ар бир эркек өз психологиясы менен күрөшүүгө милдеттүү.

-Сиздердин бөлүмдө операция жасоодо лапораскопиялык ыкманы колдонууга болобу?

-Албетте мүмкүн. Көбүнчө эндоскопиялык ыкма менен заара түтүкчөлөрүнө, бөйрөктүн ыйлаакчаларына, бөйрөктүн соолушунда, структураларда операция жасалат.

-Учурда аденома жана простатанын оорулары менен жабыркагандар көбөйүүдө. Бул илдеттин алдын алууга кандай аракеттерди көрүү керек?

-Аденома эркектердин оорусу болгондуктан андан кача албайбыз. Анткени 50 жаштан өткөн соң гармоналдык өзгөрүүлөрдүн негизинде аденома эт өскөндөй өсүп чыгып, каналды жаап салат. Алдын алуу үчүн ар бир эркек бир жылда эки жолу урологго кайрылуу менен УЗИден өтүп туруусу кажет. Эгер илдеттин баштапкы баскычы байкалса аны дарылоо оңой. Мындан тышкары учурда тукумсуздук менен жабыр тарткандардын саны көбөйүүдө. Буга экологиянын, туура эмес тамактануунун жана суукка урунуунун таасири чоң. Тукумсуздуктун айынан ири өлчөмдүү акча коротуп чет өлкөдөн ЭКО жасатууга мажбур болушууда. Ал эми бул - чөнтөгү дал келбегендерге кыйын. Эгер ЭКОну жергиликтүү ооруканаларга киргизсек баасы төмөндөп, карапайым калкка жеңилирээк болмок. Мындагы технологиялар кымбат болгондуктан азырынча бизде түрк фирмасы аркылуу ачылган жеке ооруканада ЭКО кызматы тейленип келет.

-ЭКО кызматы үчүн тоодой акча коротулат. Ал эми балалуу болууга канча пайыз кепилдик бар?

-Эл аралык статистикага таянсак, 30-40 пайыз. Буга карабай Турция, Россия жана Казакстанга барып жатышат. Бул социалдык маселе болгондуктан эркектер ичкиликтен, тамекиден алыс болуусу керек. Тукумсуздуктун айынан ажырашкандар да көбөйүүдө. ЭКОнун жардамы менен сакталып калган үй-бүлөлөр да жок эмес. Бул ыкма менен үч жолу балалуу болууга мүмкүн, чет жактарда 20 жылдан бери колдонулуп келсе, бизге эми гана келди.

-Аталган ыкма аркылуу төрөлгөн балдар табигый жол менен төрөлгөндөрдөн айырмаланабы?

-Бул суроо көбүнчө ЭКО жолуна аттангандарды кооптондурат. Ойлондура турган маселе жок, ЭКО жолу менен төрөлгөндөр кадимкидей жашоо менен күрөшө алган күчтүү организмге, өөрчүп-өсүүгө жөндөмдүү. Табигый жол менен жарыкка келгендерден эч айырмасы жок.

-Сиздердин бөлүмдө канча кызматкер эмгектенет?

-Жалпысынан 35 кызматкер бар. Алардын талыкпаган эмгегинин натыйжасында бейтаптардын саламаттыгын чыңдап келебиз. Ошондой эле, Кытайлык гранттын эсебинен курулган урология борбору учурда бир топ бейтапты сакайтып, ийгиликтерди жаратууда.

-Урологдон каалоо-тилек...

-Баарыбыз сергек жана дени сак жашоого бел байлашыбыз керек. Оору менен алышкандар жана балалуу боло албагандар болбосун. Элибиз саламат жашоодо болуп, тынчтык жана бактылуулуктун доорун сүрөлү. Ден-соолук ар бирибиздин колубузда болгондуктан ага аяр мамиле жасаганыбыз тоодой бакыт.