Маданият
Маркум төкмө акын Элмирбек Иманалиевдин "Аманат" аттуу китеби жарык көрдү
Элита плюс
Октябрь 22, 2020 г.
Маркум төкмө акын Элмирбек Иманалиевдин "Аманат" аттуу китеби жарык көрдү
© Элита плюс

КР Эл артисти, ак таңдай төкмө акын Элмирбек Иманалиевдин «Аманат» аттуу ырлар жыйнагы жарык көрдү. Бул тууралуу төкмө акын Азамат Болгонбаев Facebook баракчасына жазып чыкты. 

Маалыматка ылайык, китептин баасы 500 сом. Китеп 27-октябрдан тарта сатыкка чыгат.

«Кайсы жерде сатылат кошумча маалымат беребиз. «Аманат» китебине кошулуп «Ак таңдагы Ак Бата» китеби белекке берилет», — деп жазылат билдирүүдө.