Марипов Өзбекстанга жумушчу сапары менен келди
Элита плюс
Март 25, 2021 г.
Марипов Өзбекстанга жумушчу сапары менен келди
© Элита плюс

Премьер-министр Улукбек Марипов Өзбекстан Республикасына эки күндүк жумушчу сапары менен келди.

Жумушчу сапардын алкагында өкмөт башчы Кыргыз Республикасы жана Өзбекстан Республикасы ортосундагы эки тараптуу кызматташтык боюнча Биргелешкен өкмөттөр аралык комиссиянын IX кеңешмесине катышат.

Мындан тышкары, Кыргыз Республикасынын премьер-министри Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиеев менен жолугушат, ошондой эле Ташкент шаарында жайгашкан бир катар өнөр жай жана инновациялык ишканалардын иши менен таанышат.