Саясат
Марипов иш сапары менен Ташкентке учуп кетти
Элита плюс
Март 25, 2021 г.
Марипов иш сапары менен Ташкентке учуп кетти
© Элита плюс

Кыргызстандын премьер-министри Улукбек Марипов иш сапары менен Ташкентке учуп кетти.

Өкмөт башчы Ташкентте эки күн - 25-26-мартта болот.

Марипов иш сапарынын алкагында Кыргызстан жана Өзбекстандын ортосундагы эки тараптуу кызматташтык боюнча бирдиктүү өкмөттөр аралык комиссиянын IX жыйынына катышып, Ташкент шаарындагы бир катар өнөр жай, инновациялык ишканалардын иши менен таанышат.

Мындан тышкары, КР премьер-министри Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёев менен жолугат.

Делегациянын тизмеси:

- КРнын премьер-министри Улукбек Марипов

- КРнын өзбекстандагы элчиси Ибрагим Жунусов;

- маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министри Кайрат Иманалиев;

- транспорт, архитектура, курулуш жана коммуникация министри Гулмира Абдралиева;

- энергетика жана өнөр жай министри Кубанычбек Турдубаев;

- тышкы иштер министринин биринчи орун басарыНуран Ниязалиев;

- экономика жана финансы министринин орун басары Султан Ахматов;

- билим берүү жана илим министринин орун басары Нурлан Өмүров;

- Мамлекеттик бажы кызматынын төрагасы Кадыржан Семетеев;

- өкмөттүн аппаратынын эл аралык кызматташтык бөлүмүнүн жетекчиси Айбек Айдаралиев;

- Айыл чарба министрлигинин алдындагы суу ресурстары мамлекеттки агенттигинин директорунун орун басары Абдыбай Жайлообаев.