Коом
Марат Аманкулов: “Калкты сапаттуу билим жана дарылоо менен толук камсыз кылуу зарыл”
Элита плюс
Май 13, 2020 г.
Марат Аманкулов: “Калкты сапаттуу билим жана дарылоо менен толук камсыз кылуу зарыл”
© Элита плюс

Бүгүн, 13-майда Жогорку Кеңештин жыйынында депутаттар Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2019-жылдагы иши жөнүндө Премьер-министрдин отчетун угууда.

Талкуу маалында депутат Марат Аманкулов билим берүү жана саламаттыкты сактоо багытында калкты сапаттуу тейлөө менен камсыз кылуу боюнча Өкмөт башчы Мухаммедкалый Абылгазиевдин пикирине кызыкты.

“Мен бирөөнү күнөөлөгүм келбейт. Бирок сиз экинчи жыл Премьер-министр кызматындасыз. Ал эми Конституция боюнча калктын социалдык абалына Өкмөт жана Премьер-министр жоопкер. Билим берүү жана саламаттыкты сактоо тармагынын өлкө келечеги үчүн маанилүүлүгүн дайыма эле айтып келебиз. Анткени менен эгемендүүлүк алган акыркы 30 жыл аралыгында аталган эки тармакта абал начар”, – деген эл өкүлү COVID-19 пандемиясынан улам түзүлгөн кырдаал бул жаатта көйгөй көп экенин көрсөткөнүн кошумчалады.   

Өкмөт башчы Мухаммедкалый Абылгазиев суроого жооп берип жатып, каражаттын жетишсиздигине байланыштуу Өкмөт мамлекеттик-жеке өнөктөштүктүн алкагында билим берүү жана саламаттыкты сактоо тармактарына инвестицияларды тартууну көздөп жатканын билдирди.

“Мен сизге такыр кошулбайм. Сиздин ушундай ойдо экениңиз өтө өкүндүрөт. Мамлекеттеги жана коомдогу адилеттүүлүк бардык жарандарга бирдей бекер билим берилип, ден-соолугуна бирдей акысыз кам көрүлгөндө гана ишке ашат” – деди депутат Марат Аманкулов.