Коом
Манас” аэропортун авиациянын 500дөн ашуун кызматкери кайтарууда
Элита плюс
Октябрь 08, 2020 г.
Манас” аэропортун авиациянын 500дөн ашуун кызматкери кайтарууда
© Элита плюс

“Манас” аэропортун авиациянын 500дөн ашуун кызматкери кайтарууда. Бул тууралуу "Манас эл аралык аэропорту" ААКнын басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, кечээ, 7-октябрда өлкөнүн башкы майданын кайтарууга "МЭА" ААК, "Кыргызаэронавигация" МИ, КР МЧК, жана КР ИИМдин аба транспортундагы ички иштер органдарынын 500дөн ашык кызматкери чыккан.

Авиациянын кызматкерлери өлкөдө болуп жаткан акыркы окуяларга байланыштуу тартипти сактоого чыгышкан.

Эң башкы милдет - аба транспортунун жана жүргүнчүлөрдүн коопсуздугун камсыз кылуу.

"МЭА" ААК штаттык режимде иштеп жаткандыгын белгилейбиз. "Манас" жана "Ош" аэропортторундагы бардык эл аралык жана ички каттамдар ырааттама боюнча аткарылууда", - деп айтылат маалыматта.