Саясат
Мамытов ЕАЭБдин ичиндеги тоскоолдуктарды жоюу тууралуу маселе көтөрдү
Элита плюс
Декабрь 08, 2020 г.
Мамытов ЕАЭБдин ичиндеги тоскоолдуктарды жоюу тууралуу маселе көтөрдү
© Элита плюс

Президенттин милдетин аткаруучу, Жогорку Кеңештин төрагасы Талант Мамытов Орусиядагы иш сапарынын алкагында Евразия экономикалык комиссиясынын Коллегиясынын төрагасы Михаил Мясникович менен жолугушту.

Парламенттин басма сөз кызматы кабарлагандай, жолугушууга Жогорку Кеңештин депутаттары жана Евразия экономикалык комиссиясынын Коллегиясынын мүчөлөрү катышты.

Анда жалпы Евразиялык интеграцияны өнүктүрүү маселелери талкууланды. Талант Мамытов кыргыз тарап биримдиктин тышкы соода-экономикалык алакаларын арттырууга, ЕАЭБ мамлекеттеринин ортосундагы соода тоскоолдуктарын алып салуу аркылуу байланыштарды чыңдоого кызыкдарлыгын билдирди.

Ошондой эле төрага үчүнчү өлкөлөр менен эл аралык кызматташтыкты калыптандыруу боюнча биримдиктин ишмердүүлүгү ЕАЭБ ичиндеги бардык тоскоолдуктарды жана чектөөлөрдү алуу менен ишке ашырылышы керектигин белгиледи.