Коом
Мамлекеттик кызматкерлер Жаңы жылда 3 күн катары менен эс алышат
Элита плюс
Декабрь 22, 2020 г.
Мамлекеттик кызматкерлер Жаңы жылда 3 күн катары менен эс алышат
© Элита плюс

Мамлекеттик кызматкерлер Жаӊы жылда үч күн катары менен эс алышат. Бул тууралуу Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министрлигинен маалымдашты.

Маалыматка ылайык, Кыргыз өлкөсүндөгүлөр 1-январь - майрам күнү эс алышат. Бул күн жума күнгө туура келет. Андан кийин 2-3-январда - ишемби жана жекшемби күндөрү дем алыш күн катары эс алышат. 4-6 январь кайрадан иш күнү. Ал эми 7-январь - майрам күнү болуп саналат. 8-январь – кайрадан иш күнү.