Мамлекеттик катчы кызматына ким татыктуу? Адистердин пикири
Элита плюс
Апрель 22, 2021 г.
Мамлекеттик катчы кызматына ким татыктуу? Адистердин пикири
© Элита плюс
Мамлекеттик катчы кызматына ким татыктуу? Адистердин пикири
© Элита плюс
Мамлекеттик катчы кызматына ким татыктуу? Адистердин пикири
© Элита плюс
Мамлекеттик катчы кызматына ким татыктуу? Адистердин пикири
© Элита плюс

Мамлекеттик катчы кызматына ким татыктуу?

Адистердин пикири. 

Эл арасында Мамлекеттик катчы кызматына бир топ адамдар сунушталып, алардын ичинене Каныбек Осмоналиев жана Сүйүнтбек Касмамбетовдун аттары көбүрөөк аталууда. “Барометрдин” журналисттери бул кызматка жогоруда айтылган талапкерлердин кимиси татыктуу деген суроо коюуп, пикир чогултту. 
Профессор Чолпонкул Арабаев: 

 “Каныбек Осмоналиевдин басып өткөн жолу, жаш курагы да туура келет”
"Мамлекеттик катчы кызматын биринчиден, жаңы Конституциянын алкагындагы жогорку саясий кызмат деп атасак болот. Экинчиден, бул мурунку Конституцияларда болгон. Кыргыз мамлекетинде иштеп келген кызмат. Мамлекеттик катчы - чын ниеттен, ак, так иштеп, мамлекеттик кызмат менен бийликтин ортосундагы тең салмактуулукту сактай турган, мамлекеттин андан аркы өсүп-өнүгүшүнө, биринчи кезекте идеологиялык багыты боюнча түздөн-түз иш аткара турган адам болуп саналат. Анын өзүнүн атайын жобосу болот. Конституция күчүнө киргенден кийин гана бул кызматты президент өзү татыктуусун дайындайт деген ойдомун. 
Эл арасында айтылып жаткан Каныбек Осмоналиев менен  Сүйүнтбек Касмамбетов экөө тең татыктуу кадр. Бирок, улуулата алсак, Каныбек Осмоналиев илимпоз, ал кызматка өзүнүн басып өткөн жолу, жаш курагы да туура келет. Бул эми албетте менин жеке пикирим. Андан сырткары башка адамдардын да талапкерлиги каралышы мүмкүн. Ал жагын ажобуз өзү чечет. Андыктан, алдын ала “ал барат экен, бул барат экен” деген жоромол имиштерден алыс болсок... Бул кызматка татыктуу, кыргыз элинин тарыхын, элибиздин басып өткөн жолун, кечээки, бүгүнкү жана эртеңки көйгөйүн билген инсандар оголе арбын", - деди профессор.
Профессор Жылдыз ОРОЗОБЕКОВА: 

“Каныбек Осмоналиевичтин интелектуалдык деңгээли туура келет”
"Мен экөөнү тең сыйлайм. Бирок, Каныбек Осмоналиевди колдойм. Анткени, ар тараптан алганда бул кишинин интелектуалдык деңгээли туура келет. Өзү мурда-кийин илимий, коомдук, социалдык чөйрөдөн чыккан. Убагында билим берүү министри да болуп эмгектенип, ал тармакты өркүндөтүп, илим жаатын мыкты өздөштүргөн. Диний тармакта жетекчилик кызматта да, маданият тармагында да иштеп, өлкөнүн тарыхын мыкты билет. 
Убагында Жогорку Кеңеште депутат болуп, калың элдин көйгөйүн көтөрүп чаап айтып жүргөн. Учурда КРнын премьер-министринин кеңешчиси болуп эмгектенип жатканынын өзү илимий чөйрөдөн өнүп келип, коомдун көп тармагын камтып, ар тарапты ала жүргөн инсан экенинен кабар берет. Мамлекеттик катчы кызматына дал ушундай адам керек. Анткени, Мамлекеттик катчы дегендин өзү маданиятты, илимди, динди, идеологияны, тарыхты, саясатты айтор бардык тармакты өздөштүргөн, билими терең, көп компоненттүү адис болуусу зарыл. Мына ушундай адам Каныбек Осмоналиев. 
Ал киши биздин коомдо бардык тармакта, бийликтин бардык бутагында иштеген. Ал эми Сүйүнтбек агай болсо, көп жылдар бою Жогорку Кеңештин аппаратында иштеген. Ал дагы мамлекеттик түзүлүштүн бардыгын жакшы билген адам. Жогорку Кеңеште өзүнүн комитет, фракцияларын тейлеген адис. Ал деле маданият тармагын жакшы билет. Бирок, менин жеке пикиримде Каныбек Осмоналиев татыктуу. Бул менин тандоом", - деген пикирин билдирди. 
Окумуштуу Асылбек АЙДАРАЛИЕВ: 

“Касмамбетов чыныгы бюрократ”
"Каныбек Осмоналиев бирден бир күчтүү окуу жай аталган Тартус мамлекеттик университетин аяктаган. Мына ушул окуу жайда окуп, илимдин артынан түшүп, кандидат, доктор болгонго жетишти. Интеллектуалдык менчик агенттигинде, дин иштери боюнча комитетте, билим берүү министрлигинде иштеген, Жогорку Кеңеште депутат болгон. Айтор, ар тармакта эмгектенип, тажрыйбасы мол, билимдүү инсан. Интеллигенция менен да иштеше билет. Ал эми берки Касмамбетовдун өмүр баянын, иш тажрыйбасын, билимин, басып өткөн жолун карап чыктым. Ал чыныгы бюрократ - иштин формалдык гана жагын карап, анын негизги мазмунуна көңүл бурбайт", - деген пикирин билдирди.
 Коомдук ишмер Камила ТАЛИЕВА:

“Каныбек Осмоналиевичтин потенциалын мамлекет колдонушу керек”
"Кыргыз мамлекети - Эгемендик алган жылдардан бери эле өнүгүү жолун аныктап алуу үчүн түркүн тагдырларды өз башынан кечирди. Не деген тарыхый окуялар, анын күңгөй-тескейи, кыскасы, басаар багытын издеп, телчигип, өнүгүү жолун аныктап алууга изденүү жолунда эле келатат. Баштан кечирген тарыхый жыш окуяларга тарых өз баасын берет. Айтайын дегеним, референдум өттү. Баш Мыйзам кабыл алынды. Андагы 72- беренеде Мамлекеттик катчы институту киргизилгени дурус болду. Бул өтө маанилүү, жогорку кызмат орун, тагыраак айтканда, мамлекеттик, улуттук идеологияны жүргүзүүдө зор даярдыктан өткөн, дасыккан, турмуштук мол тажрыйбасы бар, илим- билимге сугарылган, жетекчилик кызматтарды башынан өткөргөн киши гана аркалап, алып кетчү өтө жоопкерчиликтүү кызмат. 
Бул кызматка жоопкерчиликти сезген, элдин, мамлекеттин тагдырына кайдыгер эмес адам келсин. Себеби, бүгүн, мамлекет социалдык-экономикалык, моралдык- нравалык, идеологиялык жактан оор жагдайга кептелип турат. Ушундай кризис абалда турган өлкөнү өнүгүү жолуна салып, туңгуюктан алып чыгууда, президентке жардам берип, зор жана оор тармактын жүгүн аркалай алчу инсан керек. 
Мамлекеттин зор байлыгы - адам ресурсу, илимдүү инсандары, асыл адамдары түзөт. Мамлекеттик катчы кызматына татыктуу инсандар бар, бирок, алардын сап башында Каныбек Осмоналиев. Ал мамлекеттик жетекчилик кызматтардын бардык тепкичтерин басып өткөн. Анын ичинде, эң оор тармак билим берүүнүн бүтүндөй көйгөйүн ичинен билет. Мектептерден баштап ЖОЖдорго чейин, дин тармагынын проблемаларын, илимий негиздерине чейин изилдеген практик, илимге сугарылган аалым, мыйзам чыгаруу жаатында дасыккан саясатчы. Андыктан, бүгүнкү күнү Каныбек Осмоналиевичтин потенциалын мамлекет колдонушу керек", - деди Камила  Талиева. 

Булак: Барометр