Мамлекеттик ишмер Жанкороз Каниметов көз жумду
Элита плюс
Июль 15, 2020 г.
Мамлекеттик ишмер Жанкороз Каниметов көз жумду
© Элита плюс

Мамлекеттик ишмер, педагог Жанкороз Каниметов 14-июлда 70 жаш курагында дүйнө салды. Жанкороз Каниметов 1950-жылдын 30-мартында Ысык-Көл облусунун Түп районунун Токтоян айылында туулган. Ал Караколдогу мамлекеттик педагогикалык институтун жана Кыргыз улуттук университетин аяктаган. Эмгек жолун Ысык-Көл облусунда мектеп директорлугунан баштап, билим берүү тармагындагы жогорку кызматтарды аркалаган. 2007-жылы Билим берүү жана илим министринин орун басары болуп эмгектенген. Жангороз Каниметов 1995-жылдан тарта Жогорку Кеңештин 3 жолку чакырылышында депутат болгон. «Мугалимдин статусу жөнүндөгү», «Билим берүү жөнүндөгү», «Жалпы орто билим берүү жөнүндөгү» мыйзамдардын автору. «Даңк» медалынын ээси, "Кыргыз республикасынын эмгек сиңирген мугалими" мамлекеттик наамы ыйгарылган.
Флаги блока:
На монтаж -- 0Смонтирован -- 0