Саясат
Мамлекеттик ипотекалык компаниянын төрайымы болуп Аида Төлөгөнова шайланды
Элита плюс
Март 11, 2021 г.
Мамлекеттик ипотекалык компаниянын төрайымы болуп Аида Төлөгөнова шайланды
© Элита плюс

"Мамлекеттик ипотекалык компания" ААКтын директорлор кеңешинин мүчөлөрү жыйында Төлөгөнова Аида Бейшеналиевнаны компаниянын жаңы төрайымы кылып шайлашты. Бул тууралуу ведомствонун басма сөз кызматы билдирет.

Төлөгөнованын Мамлекеттик салык кызматында, Коррупциянын алдын алуу боюнча улуттук агенттикте, ошондой эле жеке түзүмдөрдө финансист жана бухгалтер болуп иштөө тажрыйбасы мол.

Башкарманын экс-төрайымы Элмира Абжапарова өз каалоосу менен берилген арыздын негизинде ээлеген кызматынан бошотулду.