Ийгилик сыры
Мамлекеттик ипотекалык компаниянын баштапкы капиталы 13,3 млрд сомду түздү
Элита плюс
Апрель 18, 2023 г.
Мамлекеттик ипотекалык компаниянын баштапкы капиталы 13,3 млрд сомду түздү
© Элита плюс

2023-жылдын 1-апрелине карата "Мамлекеттик ипотекалык компания" ААКтын уставдык капиталы 13,3 млрд сомду түздү. Бул тууралуу Финансы министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, 2021-жылы кабыл алынган "Менин үйүм 2021-2026" жаңы программасынын алкагында компанияны финансылык ресурстар менен камсыз кылуу максатында мурда бөлүнгөн 4,6 млрд сом бюджеттик ссудалар компаниянын уставдык капиталына трансформацияланган.

2021-жылы - 5,3 млрд сом:

- 2021-жылы ипотекалык насыялоого 500 млн сом каралган;

- "МИК" ААКтан мурда алынган кредиттер боюнча карызды жабууга (уставдык капиталга айландырылган) 4,6 млрд сом түшкөн;

- КР министрлер кабинетинин 2021-жылдын 7-декабрындагы № 118-р буйругуна ылайык, 150 млн сом.

2022-жылы компаниянын уставдык капиталын көбөйтүүгө 3,8 миллиард сом бөлүнгөн.

2023-жылы (январь-март) - 2,7 млрд сом, анын ичинен:

- Кыргыз Республикасынын 2023-жылга мыйзамында каралган 1 млрд сомдун 500 млн сому мамлекеттик карызды конвертациялоонун эсебинен Германиянын KfW өнүктүрүү банкына биринчи транш түшкөн;

- уставдык капиталды көбөйтүүгө 500 млн сом;

- КР МКнын 2023-жылдын 28-февралындагы. № 76-р буйругуна ылайык, уставдык капиталды көбөйтүүгө 300 млн;

- Кр МКнын 2023-жылдын 3-мартындагы № 84-р буйругуна ылайык, уставдык капиталды көбөйтүүгө 416 млн сом;

- КР МКнын 2023-жылдын 31-мартындагы №147-р буйругуна ылайык, уставдык капиталды көбөйтүүгө 1 млрд сом.

"Менин үйүм 2021-2026" программасынын алкагында "МИК" ААКнын бөлүнгөн каражаттарынын жана жүгүртүү каражаттарынын эсебинен берилген ипотекалык кредиттер:

- 2021 – 452 адам 1,2 млрд сом суммасында;

- 2022 – 1650 адам 4,4 млрд сом суммасында

"Кыргызстанда турак жайды каржылоо программасы" долбоорунун алкагында Германия KfW өнүктүрүү банкы аркылуу "РСК" ААК, АКБ "Кыргызстан", KICB өнөктөш банктары аркылуу 1031 адамга 1,5 млрд сом өлчөмүндө кредит берилген.

Алар:

- 2020-жылы - 367 млн сомго 342 адамга;

- 2021-жылы - 374,9 млн сомго 280 адамга;

- 2022-жылы - 235,9 млн сомго154 адам ,

- 2023-жылдын январь-март айларында - 488,1 млн сомго 255 адамга кредит алган.

2023-жылдын 31-мартына карата "МИК" ААКнын электрондук порталында 65 миң 865 жаран катталган, анын ичинен 23 миң 208 жарандын тизмеси "МИК" ААК тарабынан бекитилген, банкка жалпысынан 112 миң 971 адам кайрылган.