Саясат
Мамбетжунушева Мамлекеттик бажы кызматынын төрайымы болду
Элита плюс
Октябрь 14, 2020 г.
Мамбетжунушева Мамлекеттик бажы кызматынын төрайымы болду
© Элита плюс

Мамбетжунушева Элнура Рыскелдиевна Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик бажы кызматынын төрайымы болуп дайындалды. Тиешелүү буйрукка Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Садыр Жапаров кол койду, – деп билдирет өкмөттүн аппаратынын маалыматтык камсыздоо бөлүмү.

Мындай чечим Матраимовдордун үй-бүлөсүнө тийиштүү жактарды бажы органдарындагы иштен бошотуу жана алар орноткон коррупциялык схемаларды жоюу максатында кабыл алынды.

Башка буйрук менен Торутаев Алтынбек Элимович Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик бажы кызматынын төрагасы кызматынан бошотулду