Дүйнөдө
Мали Республикасынын президенти отставкага кетти
Элита плюс
Август 19, 2020 г.
Мали Республикасынын президенти отставкага кетти
© Элита плюс

Аскердик козголоң чыккан Мали Республикасынын президенти Ибрагим Бубакар Кейт бүгүн отставкага кетип, парламентти таратарын жар салды. Бул тууралуу чет элдик маалымат булактары билдирүүдө. Эске салсак, кечээ Малинин куралдуу күчтөрү президенттин өлкөдөн чыгып кетишин талап кылып, козголоң чыгарышкан. Кечке жуук премьер-министр Бубу Сиссе, президенттин уулу Карим Кейт жана коргоо министри Ибрахим Дахиру Дембеле камакка алынганы айтылган.