Дүйнөдө
МАЛАЙЗИЯГА САЯКАТ
Элита плюс
Март 23, 2020 г.
МАЛАЙЗИЯГА САЯКАТ
© Элита плюс
МАЛАЙЗИЯГА САЯКАТ
© Элита плюс
МАЛАЙЗИЯГА САЯКАТ
© Элита плюс
МАЛАЙЗИЯГА САЯКАТ
© Элита плюс

Расмий аталышы – Малайзия Федерациясы Борбору – Куала–Лумпур Ири шаарлары - Куала-Лумпур, Субанг-Жая, Келанг Жалпы аянты – 330 миң чарчы чакырым. Калкынын саны – 31 миллион. Калкынын жарымынан көбүрөөгүн малайлар түзөт. Калганы кытайлар жана башка улуттун өкүлдөрү Тили – Негизинен малай тилинде сүйлөшөт. Андан сырткары англис, кытай тилдери колдонулат. Бирок, англис тили кеңири тарап, мамлекеттик иш кагаздар ушул тилде жүргүзүлөт. Дини – Ислам. Калктын 63 пайызы ислам динин тутунган мусулмандар. Мындан сырткары буддизм, христиан динин кармангандар дагы бар. Акча бирдиги – Ринггит Климаты – Тропиктик, нымдуу. Абанын температурасы күндүзү 32 градуска чейин жылыса, түн ичинде 21 градус болот. Тоолуу аймактарда аба ырайы суугураак. Кен байлыктары - калай, жез, алтын, темир

Малайзия – федеративдүү мамлекет. Конституциясы 1957-жылы кабыл алынган. Башкаруу формасы – конституциялык монархия. Мамлекет башчысы – монарх. Мыйзам чыгаруучу бийликтин жогорку органы – эки палаталуу (Өкүлдөр палатасы жана Сенат) парламент. Аткаруу бийлигин Премьер-министр башында турган министрлер кабинети ишке ашырат. Малайзияда көп партиялуу саясий система орун алган. Түштүк-Чыгыш Азиядагы Малайзия мамлекетин Түштүк-Кытай деңизи экиге бөлүп турат. Батыш Малайзия - Малакка жарым аралынын түштүк жээгинде орун алып, ага жээк тилкесинде жайгашкан Пинанг, Ланкави, Сирибуат аралдары кирет. Ал түндүгүнөн Таиланд, түштүк-чыгышынан Индонезия, түндүгүнөн Бруней менен чектешип, чыгышынан Тынч океандын деңиздери Сулу, Сулавеси менен чулганат. Түштүк-батышынан Малакка кысыгы аркылуу индонезиялык Суматра аралынан, түштүгүнөн кууш Жохор кысыгы менен Сингапур аралынан бөлүнүп турат. Чыгыш Малайзия - Калимантан аралынын түндүк-батыш жагын жана майда Лабуан, Банги, Баламбанган аралдарды ээлейт. Борбору – Куала-Лумпур. Административдик-аймактык жактан 13 штатка (7 султандык, 2 княздык, 4 губернаторлук) жана 3 федерация аймагына бөлүнөт.

Малайзия – заманбап индустриялуу өлкөлөрдүн катарына кирет. Социалдык өнүгүү деңгээли өнүгүп келе жаткан өлкөлөр арасында өтө жогору деңгээлде. Негизги азыктары – күрүч, кассава, жер жаңгак. Эчки, кой, бодо мал, чочко асырап, үй куштарын багышат. Балык уулоо өнүгүп, деңиз азыктары даярдалат. Дарыяларында, деңизде кеме жүрөт. Ири порттору: Келанг, Танжунг-Пелепас, Пасир-Гуданг. Сыртка нефть, каучук, өсүмдүк ма¬йын, калай, тропик жыгачтарын, автомобиль, бут кийим, кездеме, электрондук өнөр жай продукциясын радиотехникалык каражаттарды чыгарат. Негизги соода шериктештери болуп Япония, АКШ, Сингапур, Европа Биримдиги өлкөлөрү, Түштүк Корея, Кытай саналат. Улуттук ашканасы Салттуу ашканасы өзүнө Индия, Европа, Кытай салттуу кулинариясын сиңирип алган. Малайзиянын бардык тамак-аштарында күрүч колдонулат. Гарниринен баштап, болгон тамактары күрүчтөн жасалат. Ал тургай кесмени, подливди, чипсыны күрүчтөн жасашат. Эгерде, сиз Кудай буюруп бул ажайып жерде болуп калсаңыз, Димсам, Лакса, Сатэ Рояк, Наси кандар тамактарынын даамдарын татып көрүңүз. Таттууга жакын болсоңуз “Чендол” десертин сунуштайбыз. Таңдайга татыган бул десерт кокос сүтүнөн, крахмал кесмесинен жана пальма шекеринен жасалат. Ал эми, белгилүү суусундугу - “Туак”. “Туак” сүттөн жасалган вино. Калкынын жарымы мусулмандардан турган Малайзияда бул суусундук адал ичимдик катары сыпатталат. Анткени, ал кадимки күрүчтөн, пальма дарагынын суусунан, шекерден жана ачыткыдан жасалат.