Коом
Майып кызды таятасы зордуктап, таенеси сабаган
Элита плюс
Февраль 08, 2021 г.
Майып кызды  таятасы зордуктап, таенеси сабаган
© Элита плюс

Ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген кыз таята, таенеси тарабынан зомбулук көрүүдө. Бул окуя тууралуу кыздын бир тууган агасы Ички иштер министрлигине арыз менен кайрылган.

Окуя Жалал-Абад облусунун Тогуз-Торо районунун Казарман айылында катталган.

Карындашымды куткарууга жардам бериңиздер деген кыздын агасы укук коргоо органдарына кайрылуу жасаган.

Юрист Шердор  Абдыкапаровго 1993-жылы туулган Артыкбек уулу Алтынбек кайрылып, бир тууган карындашы Асел таята, таенеси тарабынан зордук-зомбулукка кабылып жатканын билдирип, мыйзам чегинде карындашы экөөнүн укуктарын коргоп берүүсүн өтүнгөн.

“Мен, Артыкбек уулу Алтынбек, ата-энебиз кичине кезибизде каза болуп калышкан. Бир тууган карындашым Аселянын төрөлгөндөн тизеден ылдый жагы иштебейт (инвалид). Ата-энебиз өтүп кеткенден кийин биз таята, таенебиздин колунда калганбыз.

Азыр мен курулушта иштейм, иш ар кайсы жакта болуп калат, тагыраагы дайыма карындашымдын жанында боло албайм.

Аселдин инвалид болгонуна карабай, үйдө жумуш кылдыртышат, ал эле эмес, зордукка кабылганы билинип олтурат. Алып кетейин десем, таенем жибербейт, анткени , Аселдин инвалиддик үчүн пособиесин өзү алат. Карындашым ушунчалык коркуп калган, телефон чалсам да, коркуп, жакшы сүйлөй албайт.

Мейли, мен алып кете албасам да, мыйзам мен тарапта болбосо да, Асел карындашымды өзүнө окшогон мүмкүнчүлүгү чектелген адамдарды караган уюмга, мамлекет тарабынан каралган мекемеге жайгаштырсам дейм.

Мурда карындашымды таятам зордуктаган деген имиштерди уккам, бирок, бүгүн телефон аркылуу сүйлөшүп, чын экенин билип, (Аудиожазуу бар)

ИИМге арыз менен кайрылдым”, – деп жазган билдирүүсүндө.