Спорт
Кубат БУКАБАЕВ, КРнын ИИМнин МАККББнын борбордук аппаратынын окуу машыгуу борборунун башчысы: “18-февраль күзөт кызматынын түзүлгөн күнү”
Элита плюс
Март 23, 2020 г.
Кубат БУКАБАЕВ, КРнын ИИМнин МАККББнын борбордук аппаратынын окуу машыгуу борборунун башчысы: “18-февраль күзөт кызматынын түзүлгөн күнү”
© Элита плюс
Кубат БУКАБАЕВ, КРнын ИИМнин МАККББнын борбордук аппаратынын окуу машыгуу борборунун башчысы: “18-февраль күзөт кызматынын түзүлгөн күнү”
© Элита плюс

18-февралда КРнын Ички иштер министрлигинин мамлекеттик адистештирилген күзөт кызматынын түзүлгөндүгүнө 53 жыл толот. Бул күндүн урматына борбор калаабызда күзөт кызматкерлеринин арасында ок атуу боюнча мелдеш болду. Мелдештин жүрүшү боюнча КРнын ИИМнин МАККББнын борбордук аппаратынын окуу машыгуу борборунун башчысы, милициянын подполковниги Кубат Букабаев менен маектештик.

-Кубат мырза, мелдештин жүрүшү туурасында айтып берсеңиз?

  • Бул өткөрүлүп жаткан мелдеш жыл башында календарлык пландын негизинде түзүлгөн. Мелдеш спорттун көптүк түрү жана ок атуу боюнча жүрүп жатат. Алдыда Ички иштер министрлигинин биринчилиги болот. Ал биринчилик олимпиаданын катышуучусу Юрий Мелентьевдин жаркын элесине арналып уюштурулат. Бул ишти ошол мелдешке тандап алуу максатында жана 18-февраль күзөт кызматынын түзүлгөндүгүнүн 53 жылдыгына арнап өткөрүп жатабыз. Жалпы республикалык деңгээлде өткөн мелдешке борбордук аппараттын командасы, шаардын төрт району, ведомстволук милиция полку, Чүй чыгыш жана Чүй батыш командалары, андан сырткары 6 облустан келген командалар катышты.

-Командалар кандай багыттарда күч сынашты?

  • Айымдар арасында 30 жашка чейинкилер жана 30 жаштан жогоркулар, мырзалар арасында 40 жашка чейинкилер жана 40 жаштан жогоркулар болуп топ-топко бөлүнүп жекелик жана көптүк түрдө катышты. ПМ үлгүсүндөгү тапанча менен 25 метр аралыкта ок атуу боюнча, автомат жана ТОЗ-8 кичи калибрдеги мылтык менен 50 метр аралыкта ок атуу боюнча мелдеш жүрдү.

  • Быйылкы катышуучулардын жылдагыга караганда даярдыктары кандай экен? -Календарлык пландын негизинде Буйрук чыгарып, катышуучуларга алдын-ала маалыматтар берилген. Ошол буйруктун негизинде бардык катышуучулар бул мелдешке чейин ар бир райондо өздөрүнчө тандап алууга катышып, анын жеңүүчүлөрү келген. Жалпысынан 10 команда 10дон кызматкер болуп 100дөй катышуучу болду.

-Жеңүүчүлөрдү эмнелер күтөт, аларга кандай стимул берилди?

  • Жекелик түр боюнча 1-2-3-орунду алган кызматкерлерге диплом, медаль жана акчалай сыйлыктар берилди. Командалык жыйынтык боюнча 2-3-орундарга да сыйлыктар каралган. 1-орунду ээлеген командага кубок, диплом, акчалай сыйлык ыйгарылды.

-Сизге эркин микрофон

-Мелдешке катышкан катышуучулардын бардыгын 18-февраль күзөт кызматынын түзүлгөн күнү менен жана мырзаларды 23-февраль Ата-мекенди коргоочулардын майрамы менен жетекчиликтин жана өзүмдүн атыман куттуктайм. Бардыгына ийгилик, үй-бүлөлүк бакыт каалайм. Күчтүүлөрү жеңүүчү болсун.

Нестан БАКТЫБЕКОВА, милициянын кенже сержанты: -Биринчи май күзөт кызматынан келип катыштым. Мелдешке катуу даярданганбыз. Бирок, “жеңүүчү болсом” деп деле аябай аракеттенген эмесмин. Бактыга жараша 30 жашка чейинки айымдар арасында биатлон боюнча 1-орунду камсыздадым. Эми буюрса ИИМдин биринчилигине болгон аракетимди жумшап, мыкты даярдыкта барып катышам.

Нагызбек КАРБОСОВ, милициянын старшинасы: -Мелдешке Талас облусунун Талас шаардык күзөт бөлүмүнүн атынан катыштым. 40 жашка чейинкилер арасында мелдештин көптүк түрү боюнча: жүгүрүп келип ок атуу (мында жүгүрүп келгендеги убактың эске алынат жана таамай ок атуу каралат), 3 км аралыкта чуркоо жана граната ыргытуу багытында 4 түрү боюнча таймаштым. Мелдеште жеңүүчү болуу үчүн колдон келишинче даярданып келгем, көрсөткүчүм жаман эмес, чуркап келип ок атуу жана 3 км. аралыкта чуркоо боюнча 2-орунду камсыздадым. “Өзүңдү эр ойлосоң, өзгөнү шер ойло” дегендей, дайыма мыкты даярдыкта жүргөнүм менен атаандаштардан да күчтүүлөр болбой койгон жок.

-Бул кесибиңизди кандайча тандап калгансыз?

-1999-жылы орто мектепти аяктап, ЖОЖду сырттан окугандыктан, 2001-жылдан тарта Ак-Сай орто мектебинде дене тарбиядан сабак бере баштагам. 2003-жылы 73809 сандуу 2-Мото аткычтар бригадасынын Кой-Таш аскердик бөлүгүндө кызмат өтөгөм. Аскерден барган соң кайра Ак-Сай орто мектебиндеги мугалимдик ишимди уланттым. 2006-жылы физика, математика жана англис тили багытындагы “Манас” лицей-гимназиясына которулгам. Спорт жаатында ийгиликтүү көрсөткүчтөрдү багынтып, облустук жана республикалык спортакиадада, чемпионатта алдыңкы орундарга ээ болгонум үчүн Талас шаарынын МАККББнын Талас шаардык рота милиция кызматына чакырылып, ошондон бери аталган жайда иштейм. Республика боюнча уюштурулган спорттук иш-чаралардан калбайм. 21 км. аралыкка чуркоо боюнча чемпионатта 3 жолу биринчиликке ээ болгом. Жеңиш күнү жана Эгемендүүлүк күнүнө карата уюштурулган Республикалык кросс боюнча өткөрүлгөн спартакиада чемпионаттарында алдыңкы орундарды багындыргам. 2018-жылы 24-февралда өткөн кросс боюнча кышкы республикалык чемпионатка да катышкам. О.э. КРнын ИИМ тарабынан “Милициялар күнүнө” карата уюштурган республикалык спорттук мелдешке МАККББнын курама командасы менен катышып, спорттун жеңил атлетика түрүнөн чуркоодон 2-орунду камсыздагам.