Аймактар
Майлуу-Сууда мал уурдоого шектүү жаран кармалды
Элита плюс
Май 19, 2023 г.
Облустук милициядан билдиришкендей, милицияга 78 жаштагы шаар тургуну арыз менен кайрылып, 5-апрелде жайытта жүргөн 1 баш жылкысын белгисиз адамдар уурдап кеткендигин билдирген.
Аталган факт боюнча материалдар Майлуу-Суу ШИИБнин Кылмыштардын бирдиктүү реестрине КР Кылмыш-жаза кодексинин 205-беренеси (Уурдоо) менен катталып, кылмыш иши козголгон.
Жүргүзүлгөн ыкчам-иликтөө иштеринин натыйжасында кылмышка шектүү катары Майлуу-Суу шаарынын 43 даштагы Д.Б. аттуу тургуну кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилди.
Учурда тергөө амалдары уланууда.