Медицина
Махабат ТЕРМЕЧИКОВА, балдардын тиш дарыгери: “Жолдошум колдогон үчүн үй-бүлөнү, карьераны бирдей алып кеттим”
Элита плюс
Март 23, 2020 г.
Махабат ТЕРМЕЧИКОВА, балдардын тиш дарыгери:  “Жолдошум колдогон үчүн үй-бүлөнү, карьераны бирдей алып кеттим”
© Элита плюс
Махабат ТЕРМЕЧИКОВА, балдардын тиш дарыгери:  “Жолдошум колдогон үчүн үй-бүлөнү, карьераны бирдей алып кеттим”
© Элита плюс
Махабат ТЕРМЕЧИКОВА, балдардын тиш дарыгери:  “Жолдошум колдогон үчүн үй-бүлөнү, карьераны бирдей алып кеттим”
© Элита плюс
Махабат ТЕРМЕЧИКОВА, балдардын тиш дарыгери:  “Жолдошум колдогон үчүн үй-бүлөнү, карьераны бирдей алып кеттим”
© Элита плюс

“Кыргыз айымдарына карьера жасоо өтө оор” дешет. Бирок ошого карабай мамлекетибиздин өнүгүшүнө салымын кошуп, коомдук жана мамлекеттик иштерге активдүү катышуу менен үй-бүлөнү да бирдей алып келе жаткан сыймыктуу айымдарыбыз арбын. Алардын катарында биздин бул жолку маектешибиз Махабат Термечикова дагы бар. Махабат Эламановна - кесиби боюнча тиш дарыгери. Жолдошу Мунарбек Калдыкеев да тиш дарыгери болуп эмгектенет. Экөө Новопавловка айылында тиш дарылоочу эмкананы жетектөө менен саламаттыктын сакчылыгында кызмат өтөп келишет. Биз Махабат эже менен аялзат жана карьера туурасында маек курдук. Ал бизге карьералык жолу, андагы кыйынчылыктары, жетишкендиктери жана үй-бүлөсү туурасында айтып берди.

  • Махабат Эламановна, бул жеке клиниканы ачканыңыздарга канча болду? Кандай кызмат көрсөтөсүздөр?

  • 2004-жылы кабинет кылып ачып, бир кресло коюп жолдошум экөөбүз кезек менен иштеп баштаганбыз. Андан кийин 2013-жылы клиниканын имаратын толук куруп көчүп киргенбиз. Учурда 4 кресло иштейт. Анда 8 дарыгер, эки медайым, санитарка, администратор болуп жалпы 15 адамды иш менен камсыздайбыз. Бизде тиш дарылоонун бардык түрүнө жардам көрсөтүлөт. Тактап айтканда, тишти, бүйлө эттерин дарылап, тиш жулабыз, тиштерди түздөйбүз, тиш салабыз, имплант коёбуз жана балдардын тиштерин дарылайбыз.

  • Кыргыздардын тишке мамилеси кандай?

  • Новопавловкада иштегенибизге мына 14 жыл болду. Жаңы келгенде башка улуттагы кардарларыбыз көп болчу. Себеби алар тиштерине аябай көңүл бурушат. Бирок акыркы жылдары кыргыздардын да тишке мамилеси өзгөргөнүн байкайм. Мурункудай “жулуп эле салгыла” дегендер азайып, дарылаганга өтүштү. Тиш адамдын ден соолугу, көркү экенин түшүнүп калышты. Чынында, акыркы учурда элдин көз карашы абдан өзгөрдү.

  • Тишти кароодо, сактоодо негизи элибиз эмнеден кемчилик кетиришет?

  • Маалыматтын жетишсиздигинен... Тишти сактоо, кароо, дарылоо боюнча элибизде маалымат аз. Анткени гезит, журнал мурункудай окулбай калды. Окулганда деле гезит-журналга ден соолук боюнча макалалар жарыяланбайт. Ал эле эмес, телевидениеде деле, радиодо деле жеке эле тиш эмес, медицина боюнча көрсөтүүлөр жокко эсе. Анын үстүнө бизде балдардын тиш дарыгерлери аз.

  • Ошентсе да тиш дарыгери катары тишти сактоо боюнча кандай кеңеш айта аласыз?

  • Мен балдардын тиш дарыгери болгондуктан балдардын тишин сактоо жолун айта кетейин. Негизи баланын тишин сактоо ата-эненин милдетине кирет. Эки жарым жашта бала өзү тиш щётканы кармап, тиш жууганга жарап калат. Ошондон баштап ар бир эне баласын көзөмөлдөп, күнүгө тишин жуудуруп туруш керек. Негизи эле тишти сактоонун биринчи жолу - гигиена. Андан сырткары да мен өз практикамда көрүп жүрөм, тукум куучулук дагы чоң таасирин берет. Бирок аракет кылып стоматологго убагында каратып туруш керек. Туура тамактануу да өз таасирин бербей койбойт.

  • Эми маекти өзүңүзгө бургум келип жатат, кайсы жердин кызысыз?

  • Жумгалда төрөлүп, ошол жерде чоңойдум. Ата-энем - мугалим, айылдын интеллигент адамдары эле. 8-класска чейин айылдык мектептен билим алып, андан кийин борборубуздагы №5 мектеп-гимназиясында окугам. 1986-жылы мединституттун стомфакультетине тапшырып, аны 1991-жылы аяктагам. Кудайга шүгүр, ошондон бери иштеп келе жатам. Быйыл 28 жыл болуптур.

  • Эмнеге дарыгер болдуңуз, эже?

  • Дарыгер болушума апам, ал эми тиш дарыгер болушума атам себепкер болду. Биз кичине кезде апам көп ооруйт эле. Кыйналган учурунда: “Мен дарыгер болом, апамды дарылайм”, - дей берчүмүн. Бирок тиш дарыгер болом деп ойлогон эмесмин. Окууну бүткөндөн кийин атам экөөбүз мединститутка келдик. Атам: “Кызым, лечфак, санфак, педфактар 6 жыл окуйт экен. Андан кийин 2 жыл интернатураны окусаң картайып кетесиң го. Андан көрө могу стомфакты эле окубайсыңбы, 5 жыл экен”, - деп калды. Ошентип, экөөбүз ойлонуп, кеңешип стомфакка тапшырганбыз.

  • Медициналык окуу жайда окуу кыйын. Анын үстүнө айылдан келсеңиз, бир топ эле кыйналгандырсыз?

  • Ооба, кыйын эле болду. Бирок аябай тырышып окудум. Ал убакта окууга тапшырып окуй албай калат деген уят болчу. Өзүм да мектепти абдан жакшы окугам. Анын үстүнө ата-энем мугалим болсо, “баягынын кызы окуй албай келиптир” деген сөзгө калбайын деп аябай намыстанып окудум. Айылдан келгендиктен орус тилинен кыйналдым, болбой калса эле жаттачумун. Ошентип жүрүп сессияларымды “5ке” тапшырып, каникулда үйгө барсам, атам аябай кубанып, дүкөнгө ээрчитип барып пальто сатып бергени эсимде. Бирок бир дагы жолу ошол жерде окуп жатканыма өкүнгөн эмесмин.

  • Жолдошуңуз Мунарбек ага да дарыгер эмеспи, окуу жайдан таанышкансыздар го?..

  • Ооба, бир курста окуп, жатаканада жашачубуз. Дайыма чогуу жүрүп, бири-бирибизди жакшы билип, сүйлөшүп жүрүп баш коштук. Үйлөнгөндөн кийин батирге чыктык. 5-курсту аяктап жатканда мамлекеттик сынактын алдында кыздуу болдук. Андан кийин да бир кыздуу, бир уулдуу болдук. Кудайга шүгүр, 29 жылдан бери бактылуу өмүр кечирип келе жатабыз.

  • Жолдошуңуздун кайсы сапатына көңүл буруп, жактырдыңыз?

  • Бири-бирибизди жакшы түшүнөбүз. Анын үстүнө кесибибиз бир болгондуктан ишибизге түшүнүү менен мамиле кылабыз. Негизи көп жакшы сапаттары бар. Үйгө аябай карамдуу, балдарын 1-орунга коёт. Мүнөзү өтө жумшак. Убакыт өткөндөн кийин бир туугандай эле болуп, бири-бириңе көнүп калат экенсиң. Бир клиникада иштейбиз.

  • Жумушта да, үйдө да чогуу жүргөндүктөн бири-бириңерден тажап кеткен учур болобу?

  • Жолдошум: “Менин чыдамкай экенимди ушундан билгиле, аялымдын жанында 24 саат жүрөм. Канча жылдан бери ушинтип чыдап иштеп, жашап келатам”, – деп тамашалап калат. Бирок биз бири-бирибизди тажатпагандын аракетин көрөбүз.

  • Казан-аяк кагышып кеткенде кантип элдешесиздер? Кимиңиздер кечиримдүүсүздөр?

  • Албетте, үй-бүлө болгондон кийин сөзсүз казан-аяк кагышат. Андай бизде да болот. Биздин пикир келишпестик көбүнчө жумуштан улам чыгат. Бирок бирөөбүздүн ачуубуз келип жатканда экинчибиз унчукпай калабыз. Кийин анализдеп, чечишип алабыз. Бирок катуу урушуп, кетип калып, келип калган болгон эмес. Негизи урушта бири-бирине тирешпеш керек. Биздин үйдө мен тирешпейм. Меники туура болсо да, туура эмес болсо да тынчыганча күтүп турам.

  • Кайын журтуңуз туурасында эмне айта аласыз?

  • Таластын Кара-Буурасына келин болдум. Жети эркек балалуу, өтө эмгекчил үй-бүлөгө бардым. Кайын журтум абдан түшүнүктүү, жакшы адамдар. Кызы болбогондуктан келиндерин кызындай көрүшөт. Чоң апабыз бар эле, 105 жашка чыгып көзү өттү. Чоң атабыз согуштан кайтпай 25 жашында жесир калган экен. Үч баланы өзү өстүрөт. Менин кайын энемди 16 жашында келин кылып алып оокатка аябай үйрөткөн экен. Айтор, чоң кайненем да, кайненем да, экөө тең биринен бири өтүп иштүү болушчу. Менин апам да мага кичинемден оокат кылганды үйрөткөн. Шырдак жөрмөп, кийиз жасап, таар согуп, боз үй көтөрүп, кичинемден ошол оокаттарды кармалашып, жасашып жүрүп бардыгын билчүмүн. Ошол нерселердин бардыгынын пайдасы тийди. Келин болуп барарымдын алдында кийиз жасашыптыр. Анан мен баргандан кийин чоң апам (чоң кайненем): “Ай келин, кийиз ойгонду билесиңби?” - деп калды. Мен билеримди айтып бор менен оюп бердим. “Кескенди билесиңби?” - деп сурады. “Ооба, билем” - деп кайчы менен оюп бердим. Андан кийин аны тиккенди, жөрмөгөндү, жээк басканды билчүмүн. Анын бардыгын көргөндөн кийин эле чоң апам мени жактырып калды. Үйгө киши келсе эле мени мактап калар эле ыраматылык. Кийин шаарга келип убагы менен биздин үйдө жүрүп кетчү. Ошондо да жолдошума: “Келинди жакшы кара, азыр иштен келет, тосуп кел, караңгы болуп кетти, коркот”, - деп турчу. Мына ушундай жакшы адамдарга туш кылган тагдырыма ыраазымын.

  • Балдарыңыздардан сиздердин жолду жолдогону болдубу?

  • Эки кыз, бир уулдуу болдук. Улуу кызыбыз Кымбат - бухгалтер. Учурда өз кесиби менен иштейт. Турмушка чыккан, бир баласы бар. Экинчи кызыбыз биздин жолду жолдоп “тиш дарыгери болом” деп жүрөт. Быйыл 4-курсту аяктады. Уулубуз мектепте окуйт. Кыздарыбыздын кесип тандоосуна багыт бердик, бирок алар өздөрү тандап алышты. Атабыз экинчи кызыбыздын көз дарыгери болушун каалаган, бирок ал “тиш дарыгери болом” деп ушул багытты тандады.

  • Карьера менен үй-бүлөнү бир алып келе жаткан экенсиз, мындайда кыйынчылыктар болбой койбосо керек?

  • Карьераны да, үй-бүлөнү да бирдей алып кеткенге аябай аракет кылып жашадым. Кээде туруп көбүрөөк иштеп, балдарыма азыраак убакыт бөлдүмбү деп ойлоп кетем. Бир топ кыйынчылыктар болгону менен үй-бүлө, бала деп жумушумду үзгүлтүккө учуратканым жок. Же болбосо жумушка алаксып жеке турмушум артта калбады. Жолдошум практикага кеткенде баланы мен карап, ал келгенде мен чуркап практикага кетчүмүн. Ошентип жүрүп экөөбүз тең интернатураны да бүттүк, кызыбыз да чоңойду. Ал эми уулубуз төрөлгөндө эки кызым чоңоюп кол арага жарап калышкан. Ошентип, декреттик өргүүдө деле отурган жокмун. Кыйналган учурларда башка эркектердей болуп жолдошум: “Сен үйдө отур, балдарды бак”, - деп менин карьерама тоскоолдук кылбай, тескерисинче, колдоп турду. Баягы союз тарап, кыйынчылык болуп турган кезде биз деле элдей болуп кыйналдык. Айлыкты карап отура бербейли деп талаага кызылча, калемпир айдап кара жумушта деле жүрдүк. Андай учурда “жок, мен талаада иштебейм, кетмен көтөрбөйм” дебей, Мунарбек кайсы ишти баштаса, колдоп кошо жүрдүм. Негизи мага карьера жасоо оор деле болгон жок. Анткени жолдошум дайыма колдоп турду. Андан сырткары өтө түшүнүктүү, жакшы кайын журтка туш болдум. Улуу балдарым кыздар болгондуктан алар үй тиричилигине жардам берип колума кол, бутума бут болушту.

  • Кайсы убакта эс аласыз? Эс алууңуз кимдер менен кандай өтөт?

  • Эс алганга да убакыт таап, атайын убакыт бөлөбүз. Жайкысын сөзсүз түрдө көлгө барабыз. Андан сырткары Сары-Челек, Соң-Көл сыяктуу Кыргызстаныбыздын кооз, тарыхый жерлерине чыгабыз. Кышында Дубайга эс алганы барып келдик.

  • Эже, дарыгерлердин айлыгы аз экени баарыбызга эле маалым. Мындай айлык менен азыркы заманга шайкеш кабат үй салып, кымбат унаа алууга мүмкүнбү? Сураганым, тиш дарыгерлердин жашоосу кандай?

  • Туура, биз дагы убагында элдей болуп батирден батирге көчкөн күндөрүбүз болду. Анан кайын атамдын жардамы менен үйлүү болдук. Анан акырындык менен стоматологиялык кабинет ачып элди өзүбүзгө көндүрдүк. Көп аракеттендик, издендик, талбай эмгектендик. Новопавловканын эли билет, жолдошум жумушка таңкы 7де келип, түнкү 12ге чейин жүрөт. Аракет кыла берсең, сөзсүз берекеси болот экен. Азыр, Кудайга шүгүр, жашообуз жаман эмес. “Кулча иштеп, байча жаша” дегендей, бардыгы жетиштүү. Бирок бул ийгиликтин, мындай жашоонун артында тоодой эмгек, талбаган мээнет турат.

  • Гүлдүн түрү иш бөлмөңүздү көрккө бөлөп турат экен, гүлгө жакын окшойсуз?

  • Ооба, гүлгө абдан жакынмын. Өзгөчө розаны, сиренди аябай жакшы көрөм. Ошондуктан үйдө жана жумушта гүлдүн түрүн өстүрөм. Үйүбүздөгү бакчабызда жүз түп роза гүлү бар. Андан сырткары малина, карагат сыяктуу жер-жемиштерди айдайбыз. Азыр деле эртең менен эрте туруп аларды сугарып, отоп коюп жумушка келебиз.

  • Мунарбек агай менен 29 жылдан бери бактылуу өмүр кечирип келе жаткан экенсиз. Үй-бүлөлүк бактылуу жашоонун сырын биз менен бөлүшпөйсүзбү?

  • Ушундай эле суроо менен бирөөгө кайрылса, ал: “Бул жылдар аралыгында менин көзүм кээде көрбөй калчу. Кээде кулагым укпай калчу”, - деген экен. Анын сыңарындай, менде деле ошондой болду. Кээ бир нерсени көрүп турсаң да көрмөксөнгө салып, уксаң да укмаксанга салып өтүп кетүүгө туура келет. Үй-бүлөнү сакташ үчүн чыдамкай, көтөрүмдүү болуу керек. Жашоодо өйдө-төмөн өтө көп болот. Сабырдуу болсоң бардыгын жеңип чыгасың.