Улуу Британиянын парламентинин мүчөсү, Сооданы жана экспортту илгерилетүү боюнча парламенттик топтун теңтөрагасы Лорд Джон Уэверли Садыр Жапаровду Кыргызстандагы президенттик шайлоодогу жеңиши менен куттуктады. Бул тууралуу Садыр Жапаровдун шайлоо штабынын басма сөз кызматынан кабарлашты.

«Кыргызстан Улуу Британия үчүн маанилүү жана Улуу Жибек Жолу боюнча Борбордук Азияга кирүүчү эшик. Кыргызстан үчүн Улуу Британия Батыштагы эң ири соода өнөктөшү жана Кытай, Россия жана Казакстандан кийинки жалпы соода жүгүртүүсү боюнча төртүнчү орунда турат. Мен муну чагылдыруу үчүн биздин эки тараптуу мамилелерибизди олуттуу жаңыртуу зарыл деп эсептейм жана сиздин эң башкы артыкчылыктардын бири катары Лондонго сапар менен келүүгө чакырам», - деп айтылат куттуктоодо.

Лорд Джон Уэверли Садыру Жапаровго мамлекеттик ишмердүүлүгүндө ийгиликтерди каалады.