Коом
Өлкөнүн баардык аймактарында “Бала эмизүү” жумалыгы өтүүдө
Элита плюс
Август 05, 2020 г.
Өлкөнүн баардык аймактарында “Бала эмизүү” жумалыгы өтүүдө
© Элита плюс

Кыргызстандын бардык аймактарында ЮНИСЕФ жана Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюму демилгелеген эне сүтүнүн баалуулугун жайылткан “Бала эмизүү” жумалыгы өтүүдө. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлигинин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, иш-чара 1-августтан 7-августка чейин өтөт. Анын алкагында болочок энелерге жана бала эмизип жаткандарга наристени алты айга чейин жалаң эне сүтү менен багуунун пайдасы түшүндүрүлөт.

Бул жылы аталган жумалык “Жер жүзүндөгү саламаттыкты чыңдоо максатында эне сүтү менен эмизүүнү колдойбуз. COVID-19 - бул эне сүтү менен эмизүүгө жасалган аракеттерди күчөтүү үчүн мүмкүнчүлүк” аттуу ураан менен өтүүдө.

Жылдагыдай эле Ош облустар аралык бириккен клиникалык ооруканасынын төрөт стационарынын кызматкерлери бул саамалыкка активдүү катышты.

1992-жылы Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюму жана ЮНИСЕФ тарабынан “Энеге жана балага боорукер мамиле жасаган демилгелүү төрөт үйлөрү” жөнүндө программасын жарыялаган. Программанын негизги максаты - бала эмизүү тажрыйбасына колдоо көрсөткөн төрөт үйлөрүнүн жана төрөт бөлүмдөрүнүн жумуштарын күчөтүү максатында бала эмизүү үчүн жагымдуу шарттарды түзүү болуп саналат.

Ошондой эле учурдагы пандемия учурунда дагы наристени эне сүтү менен эмизип багуунун колдоп жайылтуу, кош бойлуу же төрөгөн аял ооруган учурларда баланы эмизүү наристенин ден соолугуна эч кандай коркунуч келтирбегени боюнча түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү.

Бул жумушту аткарууда төрөт үйүнүн кызматкерлери негизги ролду ойношот. Алар аялдын кош бойлуу мезгилинен тартып, төрөт мезгилинде жана төрөттөн кийинки мезгилде да колдоо көрсөтүп келишет. Төрөткө даярдоо мектебинде “COVID-19 жана бала эмизүү” боюнча видео роликтер көрсөтүлдү.