Коом
Өлкөдөгү мектептер интернетке туташтырылды
Элита плюс
Август 25, 2020 г.
Өлкөдөгү мектептер интернетке туташтырылды
© Элита плюс

Кыргызстанда мектептердин 99%ы интернетке туташтырылган. Бул тууралуу өкмөт үйүндөгү маалымат жыйында премьер-министр Кубатбек Боронов билдирди. "Мектептерди сапаттуу жогорку ылдамдыктагы интернет менен камсыз кылуу иштери уланып жатат. Өлкө боюнча 2 миң 292 мектептин 99%ы интернетке туташтырылды. 14-августта өкмөттүн жыйынында интернет тартууга техникалык мүмкүнчүлүк жок делген 31 мектеп боюнча талкуулар болду. Учурда 9 мектепке интернет тартуу боюнча иштер жүргүзүлүп жатат", - деди ал.