Коом
Өлкөдө жыл башынан бери кымбаттаган жана арзандаган азыктар
Элита плюс
Ноябрь 25, 2020 г.
Өлкөдө жыл башынан бери кымбаттаган жана арзандаган азыктар
© Элита плюс

Жыл башынан бери Кыргыз өлкөсүндө кумшекер жана өсүмдүк майы бир топ кымбаттады. Бул тууралуу Улуттук статистика комитетинен билдиришти.

Былтыркы жылга салыштырмалуу жалпы республика боюнча тамак-аш азыктарынын жана алкоголсуз суусундуктардын баалары 9,6 пайызга жогорулады.

Баасы көтөрүлгөн азык-түлүктөр:

1) Чеснокко - 1,6 эсеге кымбат;

2) кумшекерге - 27,4 пайызга жогорулаган;

3) тамак-аш өсүмдүк майларына - 25,0 пайызга жогорулаган;

4) жемиштерге - 16,9 пайызга;

5) гречиха акшагына - 16,0 пайызга;

6) этке - 15,9 пайызга;

7) унга - 15,6 пайызга;

8) картошкага - 15,1 пайызга;

9) макарон азыктарына - 15,0 пайызга жогорулаган;

10) тооктун жумурткасына - 7,1 пайызга;

11) накта балга - 5,8 пайызга жогорулаган;

11) алкоголсуз суусундуктарга - 5,3 пайызга кымбаттаган;

12) сырларга - 4,4 пайызга жогоруласа, күрүч - 4,0 пайыздан көбүрөөк жогорулаганы белгиленди.

Баасы арзандаган азык-түлүктөр:

1) быйылкы жаңы бышкан жашылчалардын 21,8 пайызга төмөндөдү;

2) таруу 7,0 пайызга арзандаган;

3) куюп сатылуучу сүттүн 6,6 пайызга;

4) тоңдурулган балыктын 6,1 пайызга; (туздалган сельддин 1,9 пайызга);

5) майсыз быштактын 1,7 пайызга баалары олуттуу төмөндөдү.

Муну менен катар, үстүбүздөгү жылдын октябрында мурунку айга салыштырмалуу лимондун (2,1 пайызга), таруунун (1,3 пайызга), гречиха акшагынын (1,1 пайызга), ээригич накта кофенин (0,3 пайызга) жана ак (каймак) май балмуздакка (0,2 пайызга) бааларынын төмөндөгөнү белгиленди.