Коом
Өлкөдө вирус жуккан жаңы 155 учур катталды.
Элита плюс
Август 18, 2020 г.
Өлкөдө вирус жуккан жаңы 155 учур катталды.
© Элита плюс

Кыргызстанда коронавирус жуккан жаңы 155 учур катталды. Бул тууралуу коронавируска каршы республикалык штаб билдирди. Штабдын маалыматына караганда, жалпы коронавирус жуктуруп алгандардын саны өлкө боюнча 42 миң 146 адамга жетти. Сутка ичинде: Бишкекте - 40, Ошто - 11, Чүй облусунда - 13, Ош облусунда - 14, Талас облусунда - 6, Нарын облусунда - 11, Ысык-Көл облусунда - 24, Жалал-Абад облусунда - 24, Баткен облусунда - 12 киши тумоого кабылган.