Коом
Өлкөдө өткөн суткада 2 медицина кызматкеринен коронавирус илдети аныкталды
Элита плюс
Декабрь 22, 2020 г.
Өлкөдө өткөн суткада 2 медицина кызматкеринен коронавирус илдети аныкталды
© Элита плюс

Өлкөдө өткөн суткада 2 медицина кызматкеринен коронавирус илдети аныкталды. Бул тууралуу бүгүн, 22-декабрда Саламаттыкты сактоо министрлигинин өкүлү Айнура Акматова билдирди.

Бишкек шаары – 1;
Ысык-Көл облусунда – 1.

Ал эми бир суткада стационардан 1, үй карантининен 5 медецина кызматкери чыгарылган.

Жалпысынан республика боюнча 4 миң 75 медицина кызматкеринен COVID-19 диагнозу аныкталды.