Коом
Өлкөдө сутка ичинде 246 адам илдеттен айыгып чыкты
Элита плюс
Сентябрь 02, 2020 г.
Өлкөдө сутка ичинде 246 адам илдеттен айыгып чыкты
© Элита плюс

Кыргызстанда сутка ичинде 246 адам коронавирустан (пневмонияны эсепке алганда) айыгып чыкты. Бул тууралуу өкмөт үйүндөгү маалымат жыйынында саламаттык сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев билдирди.

Анын айтымында, Бишкек шаарында 137, Ош шаарында – 8, Чүй облусунда – 7, Ош облусунда – 11, Талас облусунда - 4, Ысык-Көл облусунда – 25 Жалал-Абад облусунда – 31, Баткен облусунда 19 бейтап коронавирустан айыкты.

Учурда Кыргызстанда коронавирустан (пневмонияны эсепке алганда) айыгып чыккандардын жалпы саны 38 миң 895ке жетти.