Коом
Өлкөдө сутка ичинде 104 жаран вирустан айыкты
Элита плюс
Октябрь 01, 2020 г.
Кыргызстанда сутка ичинде 104 адам коронавирустан (пневмонияны эсепке алганда) айыгып чыкты. Бул тууралуу Республикалык штабдан кабарлашты.
Маалыматка ылайык, Бишкек шаарында – 6, Ош шаарында – 19, Чүй облусунда - 3, Ош облусунда – 35, Талас облусунда - 5, Нарын облусунда - 5, Ысык-Көл облусунда – 9, Жалал-Абад облусунда 13, Баткен облусунда – 9 бейтап коронавирустан айыкты.
Учурда Кыргызстанда коронавирустан (пневмонияны эсепке алганда) айыгып чыккандардын жалпы саны 42 миң 983кө жетти.