Коом
Өлкөдө электр энергиясына болгон баа өзгөрбөйт
Элита плюс
Ноябрь 23, 2020 г.
Өлкөдө электр энергиясына болгон баа өзгөрбөйт
© Элита плюс

Өлкөдө электр энергиясына болгон баа өзгөрбөйт. Бул тууралуу Өкмөткө караштуу отун-энергетикалык комплексти жөнгө салуу боюнча мамлекеттик агенттигинин басма сөз кызматынан кабарлашты.

Маалыматка ылайык, электр энергиясына болгон тариф 2022-жылга чейин бекитилген. Ал аралыкта, тактап айтканда, 2022-жылга чейин эч өзгөрүүсүз калтырылды.

Эске салсак, электр энергиясын 700 кВтка чейин 70 тыйындан, андан ашып кеткенден кийин, тагыраагы, 700 кВт энергияны 2 сом 16 тыйындан сатылат. Ал эми кээ бир тоолуу райондорго бул кВттан эсеби 1000 кВт болот.