Кыргызстанда 17-август саат 11:00гө карата коронавирус жуккан жаңы 135 учур (пневмонияны эске алганда) катталды. Анын ичинен 57 адамдан коронавирус илдети табылса, 78 - пневмония. Бул тууралуу онлайн брифингде Коомдук саламаттык сактоо башкармалыгынын башчысы Айнура Акматова билдирди.

Анын маалыматына караганда, жалпы коронавирус жуктуруп алгандардын саны өлкө боюнча 41 миң 991 адамга жетти.

Сутка ичинде катталган жаңы учурлар:

  • Бишкек - 35
  • Ош – 1
  • Чүй облусу – 21
  • Ош облусу - 13
  • Талас облусу – 3
  • Нарын облусу – 3
  • Ысык-Көл облусу – 15
  • Жалал-Абад облусу – 25
  • Баткен облусу - 19