Кыргызстанда сутка ичинде 151 адам коронавирустан (пневмонияны эсепке алганда) айыгып чыкты. Бул тууралуу өкмөт үйүндөгү маалымат жыйынында Саламаттык сактоо министрлигинин коомдук саламаттык сактоо башкармалыгынын башчысы Айнура Акматова билдирди.

Анын айтымында, Бишкек шаарында 92, Ош шаарында – 2, Чүй облусунда – 6, Ош облусунда – 8, Нарын облусунда - 1 , Талас облусунда - 2, Ысык-Көл облусунда – 23, Жалал-Абад облусунда – 9, Баткен облусунда - 8 бейтап коронавирустан айыкты.

Учурда Кыргызстанда коронавирустан (пневмонияны эсепке алганда) айыгып чыккандардын жалпы саны 40 миң 487ге жетти.