Коом
Өлкөдө бир суткада 1108 адамдан вирус чыкты
Элита плюс
Июль 21, 2020 г.
Өлкөдө бир суткада 1108  адамдан вирус чыкты
© Элита плюс

Кыргызстанда 21-июль саат 10:00гө карата коронавирус жуккан жаңы 1 108 учур (пневмонияны эске алганда) катталды. Бул тууралуу өкмөт үйүндөгү маалымат жыйында Саламаттык сактоо министрлигинин коомдук саламаттык сактоо башкармалыгынын башчысы Айнура Акматова билдирди.

Анын маалыматына ылайык, жалпы коронавирус жуктуруп алгандардын саны өлкө боюнча 28 миң 251 адамга жетти.

Сутка ичинде катталган жаңы учурлар:

  • Бишкек - 323
  • Ош – 124
  • Чүй облусу – 122
  • Ош облусу -93
  • Талас облусу - 70
  • Нарын облусу – 54
  • Ысык-Көл облусу – 154
  • Жалал-Абад облусу – 107
  • Баткен облусу - 61