Коом
Өлкөдө бир күндө пневмониядан 32, коронавирустан 3 адам каза болду
Элита плюс
Июль 11, 2020 г.
Өлкөдө бир күндө пневмониядан 32, коронавирустан 3 адам каза болду
© Элита плюс

Кыргызстанда сутка ичинде пневмониядан 32, коронавирустан үч адам каза болду. Бул тууралуу өкмөт үйүндөгү маалымат жыйында Саламаттык сактоо министрлигинин коомдук саламаттык сактоо башкармалыгынын башчысы Айнура Акматова билдирди.

Анын айтымында, кыргыз-түрк “Достук” ооруканасынан – 2 (эркектер, 65 жашта, 51 жашта), Лейлек аймактык ооруканасынан – 1 (эркек, 44 жашта) адам коронавирустан каза болду.

“Бир сутка ичинде пневмониядан 32 бейтап каза болду. Алардын ичинен 24 адам республика боюнча жана Бишкекте 8 адам. Март айынан бери жалпы каза болгондордун саны 382 адамды түзөт”, - дейт ал.

Белгилей кетсек, 11-июлга карата өлкөдө коронавирус жуккандардын жалпы саны 9910го жетти. Алардын ичинен 1529у медицина кызматкери. Илдеттен 3236 жаран айыкса, коронавирус жуктурган 125 адам каза болду.