Коом
Өлкөдө 70 мектепте окутуу кадимки режимде жүрүп жатат
Элита плюс
Сентябрь 04, 2020 г.
Өлкөдө 70 мектепте окутуу кадимки режимде жүрүп жатат
© Элита плюс

Кыргызстандын ар кайсы аймагындагы 70 мектепте окуу кадимкидей режимде жүрүп жатат. Бул тууралуу билим берүү жана илим министринин орун басары Надира Жусупбекова билдирди. Анын айтымында, интернет жеткиликсиз болгон жана коронавирус кооптуулугу болбогон аймактарда окуучулар мектепке каттап окуп жатышат. Ал жерде калк аз жашаганы жана окуучулардын ден соолугуна коркунуч болбогону үчүн уруксат берилгенин айтты. Эскерте кетсек, Кыргызстанда эпидемиологиялык абал анча жакшы эмес аймактарда, ири шаарларда 1-класстар гана мектепке барып, башка класстын окуучуларын окутуу дистанттык негизде жүрүп жатат