Коом
Өлкөдө 245 жарандан вирус чыкты
Элита плюс
Октябрь 08, 2020 г.
Өлкөдө 245 жарандан вирус чыкты
© Элита плюс

Кыргызстанда 8-октябрь саат 11:00гө карата коронавирус жуккан жаңы 245 учур (пневмонияны эске алганда) катталды. Бул тууралуу "Кабар" агенттигинде өткөн маалымат жыйынында саламаттык сактоо министри Сабиржан Абдикаримов билдирди.

Анын маалыматына караганда, жалпы коронавирус жуктуруп алгандардын саны өлкө боюнча 48 миң 342 адамга жетти.

Сутка ичинде катталган жаңы учурлар:

  • Бишкек - 77
  • Ош - 13
  • Чүй облусу – 17
  • Ош облусу - 62
  • Талас облусу – 3
  • Нарын облусу - 2
  • Ысык-Көл облусу – 8
  • Жалал-Абад облусу – 44
  • Баткен облусу - 19