Коом
Өлкөдө 24 миңден ашык адам кош бойлуулук боюнча жөлөк пул алат
Элита плюс
Сентябрь 25, 2020 г.
Өлкөдө 24 миңден ашык адам кош бойлуулук боюнча жөлөк пул алат
© Элита плюс

Кыргызстанда кош бойлуулук, төрөт жана расымдык жөлөк пул алуучулардын жалпы саны 2020-жылдын 1-сентябрына карата 24,1 миң адамды түздү. Бул тууралуу Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министрлиги билдирет.

Маалыматка ылайык, алардын ичинен кош бойлуулук жана төрөт боюнча жөлөк пулду алуучулардын саны - 22,3 миң адам, расымдык жөлөкпул – 1,8 миң адам.

Министрликтин маалыматы боюнча, кош бойлуулук жана төрөт боюнча жөлөк пулдун орточо өлчөмү - 10 273,7 сомду түзгөн. Расымдык жөлөк пулдун орточо өлчөмү - 3 423 сом.

Каржыланган жөлөк пулдардын жалпы суммасы - 235,8 млн сомду түзсө, алардын ичинен кош бойлуулук жана төрөт боюнча жөлөк пулга - 229,6 млн сом жана расымдык жөлөкпулга - 6,2 млн сом сарпталган.