Коом
Өлкө боюнча дагы 379 жаран коронавирус инфекциясын жуктуруп алганы аныкталды
Элита плюс
Декабрь 10, 2020 г.
Өлкө боюнча дагы 379 жаран коронавирус инфекциясын жуктуруп алганы аныкталды
© Элита плюс

Акыркы суткада өлкө боюнча дагы 379 жаран коронавирус инфекциясын жуктуруп алганы аныкталды. Республикалык штабдын маалыматына ылайык, бир суткада ооруну жуктургандардын эң көбү Бишкек шаарында катталды.

Бишкек шаары - 120;
Ош шаары - 8;
Чүй облусу – 98;
Ош облусу - 11;
Талас облусу - 10;
Нарын облусу - 7;
Ысык-Көл облусу – 81;
Жалал-Абад облусу – 29;
Баткен облусу - 15.

Муну менен республика боюнча илдеттен жабыркагандардын саны жалпы 76 миң 391 болду.