Швейцариянын Женева шаарында УЕФАнын Чемпиондор лигасы мелдешинин 2020/2021-жылдардагы сезонунун тайпалык этабына чүчү кулак тартылды. Бул тууралуу аталган футболдук уюмдун расмий сайтында айтылат.
Анын жыйынтыгы менен акыркы 10 жылда мыкты футболчу наамын талашып-тартышып келген Лионель Месси менен Криштиану Роналдунун командалары кезикмей болду.
УЕФА бул учурду белгилеп, өзүнүн Instagram баракчасына эки футболчунун беттеш алдында кол кармашып турган сүрөтүн чыгарып, “Роналду менен Месси: кайрадан беттеш! Кимиси жеңет?”, - деп билдирүү калтырган.
Чемпиондор Лигасынын G тайпасында туриндик “Ювентус” (Италия), католондук “Барселона” (Испания), “Динамо Киев” (Украина) жана “Ференцварош” (Венгрия) клубдары күч сынашат.
Чемпиондор лигасынын быйылкы мелдешинде алгачкы ирет россиялык үч команда ат салышат. Алар: “Зенит” Санкт-Петербург, “Локомотив” Москва жана “Краснодар”.
Чемпиондор лигасынын тайпалык беттештери 20-октябрда башталган.
Өткөн жылы аталган мелдешти Германиянын “Бавария” клубу жеңип алган. Финалда мюнхендик команда Франциянын “ПСЖ” клубун 1:0 эсебинде уткан.