Спорт
Лионель Месси легендарлуу футболчу Пеленин рекордун жаңылады
Элита плюс
Декабрь 23, 2020 г.
Лионель Месси легендарлуу футболчу Пеленин рекордун жаңылады
© Элита плюс

Кечээ, 22-декабрда футбол боюнча Испания чемпиондугунун алкагында "Вальядолид" командасы өз үйүндө каталондук "Барселона" клубун кабыл алды.

Оюндун 65-мүнөтүндо атактуу футболчу Лионель Месси гол жаратты. Муну менен Месси "Барселона" клубундагы 644-голун киргизип, легендарлуу бразилиялык футболчу Пеленин бир клуб үчүн жараткан голдорунун рекордун жаңылады. Пеле "Сантос" клубунда ойноп жүргөндө 643 гол киргизген.

Лионель Месси "Барселона" клубунда 2003-жылдан бери ойноп келет. Ал эми Пеле "Сантос" клубунда 1956-жылдан 1974-жылга чейин ойногон.

"Вальядолид" - "Барселона" (0:3);

Голдор: Клеман Лангле (21-м), Мартин Брейтуэйт (35-м), Лионель Месси (65-м).